Балыкчыдагы зордуктоо кандай болгон? Жабыркаган аялдын жана айыпталуучунун версиялары

Сот балыкчылык таксистти 33 жаштагы аялды зордуктаганы үчүн үч жылга түрмөгө кескен. Жабыркаган аял да, айыпталуучу да өкүмгө макул болбой, окуя боюнча өз версиясын айтып жатышат.

Бишкектин 33 жаштагы тургуну Наталья (аты өзгөртүлдү) былтыр августта Балыкчынын милициясына өзүн жергиликтүү таксист зордуктап салганы тууралуу арыз менен кайрылган. Кылмыш жабыркаган аялдын беш жашар баласынын көзүнчө жасалгандыктан бул окуя коомчулукта кеңири сөз болгон.

Сот зордукчуну үч жылга эркинен ажыратууга өкүм чыгарды. Бирок эки тарап тең — жабыркаган аял да, таксисттин өзү да — чечимге макул эмес.

Наталья өкүмдү «өтө эле жумшак» деп эсептейт, анткени «Зордуктоо» беренеси боюнча эң аз деген жаза — беш жыл түрмө. Айыпталуучунун адвокаты таксисттин күнөөсүн далилдеген жагдайлар жетишсиз болгон деп эсептейт.

Азыр иш кайрадан каралып жатат. Жабыркаган аял да, таксист да окуяны өз версиясында айтышууда.

Окуя кандай болгон?

  • Жабыркаган аялдын версиясы

Натальянын сөздөрү анын Kloop.kgге курган маегинен жазылып алынды:

Биз эки күн бою үйлөнүү үлпөтүндө тойлоп жүрдүк. Үчүнчү күн болгондо, 28инде, үйгө кеткени жатканбыз. Эртең менен турдук, түшкү тамак жасалып жаткан. Мен барып качан тамак даяр болоорун да сурадым. Бир сааттан кийин дешти. Мен болсо Балыкчыда акыркы жолу сегиз жыл мурун болгом. Бул жерде курбум бар, «ошого барып келейин» деп ойлодум. Баланы кийинтип чыгып кеттим. Тияк-биякка бир саат ичинде барып келе калабыз, анан [Бишкекке] даярдык көрүп, түштөнүп алып үйгө кетебиз деп ойлогом.

Жолго чыгып, тезирээк жетиш үчүн такси кармадым. Ленин мектебине чейин 100 сомго сүйлөштүк. Ал макул болуп, мен макул болуп, автоунаанын арткы отургучуна бала менен отурдум.

Анан ал [айдоочу] дүкөндүн жанында токтоду. Мен сураган жокмун. Ал эмнеге токтогонун, эмне алаарын, эч нерсе айткан жок. «Тамеки алганы кирсе керек» деп ойлодум. «Азыр» деп коюп эле чыгып кетти. Кайра келгенде колунда бир шише сыра бар экен — аны алдыңкы отургучка коюп койду — анан чипс менен кичинекей шишеде шире алыптыр. Чипс менен ширени уулума берип, сыйлап атканын айтты. Албетте, дүкөнгө жакындап калганыбызда балам: «Эне, чипс, шире» дей баштаган да. Мен айттым: «Эч кандай чипс болбойт. Азыр үйгө барабыз да, чипс менен шире алып берем» дедим. Анан ал тынч отуруп калды. Мен чипс менен ширенин акчасын берээримди айттым.

Эмнеге мынча узак баратканыбызды сурадым. Ал жолдор оңдолуп жатканын айтты: «Азыр айланып өтөбүз» деди. Турак үйлөр аяктап бараткан жерлерге чыкканыбызда, корко баштадым.

Тоолор башталганда: «Ушинтип кантип айланып өтсүн?» деп ойлодум. Мен ошол Ленин мектебине борбордон 20 мүнөттүк жол экенин билчүмүн.

Мен: «Бизди каякка алып баратасыз? Токтотуңуз», — дедим. Ал болсо кескин өзгөрүп, кыйкыра баштады. Бурулуп алып: «Бас жаагыңды, жаагыңды бас деп атам!» — деди.

Тоого жеткенибизде ал сыраны ачып, куюп туруп: «Ич» деди. Мен баш тарттым. Ал ичүүгө буйрук берди. […] Мен бир стакан ичтим. Калганы автоунаанын ичинде эле калган. Анан мага тийише баштады. Мен: «Ары туруңузчу, колуңузду ары алыңызчы!» деп жаттым.

Ал уулума кескин бурулду. Калчылдап алган, өзүн жоготуп койгон, кыйкырып эле атты. […] Ал мага: «Эгерде мага жатып бербесең мен сенин балаңды артынан зордуктайм» деди да. Сөгүнүп эле ушундай айтты. Мен дароо калчылдай баштадым, корктум. Бул жерде кыйкырмактан өкүрсөң да мени деле, баланы деле сабап өлтүрөт, эркек деген эркектигин кылат. Мен боорукерлигин козгомок болдум. Ыйлап, акча бар, тойго келдим, туугандарым көп, акча керек болсо берем дедим. «Жеткирип коюңуз, балага эле тийбеңизчи», — деп жалындым, эмнени гана айткан жокмун.

Ал менин калчылдап калганымды көрдү, балам карап турганын да көрдү. Анан ал менин эшигимди ачып, колумдан сүйрөп чыкты. Албетте, бала артымдан чыгат да. Ал [таксист] аны автоунаанын ичине жаап салды, биз болсо ошентип атып автоунаанын жанында тытыша кеттик. Ал мени сүйрөп баратты, мен баскан жокмун. Ал мени бетке уруп, анан моюндан алып сүйрөп жөнөдү, ал жулкулдатканынан колум көгөрүп, тырмагым сынып калган.

Ал жакта аң менен куурай бар болчу. Ал мени ошол жакка сүйрөп барып чечинүүгө буйрук кылып, башка-көзгө койгулап түртүп жиберди, мен [куймулчагыма] отуруп калдым. Ал менин чечинишимди талап кылды. Мен өзүм чечинген жокмун. Ал менин шортамды чечип, турсимди шыпырып, мен болсо аны кайра чоюп жаттым. Алар ушунчалык чоюлгандыктан, биз аны [кылмыш болгон жерде] таап алганда мен аны тааныган да жокмун, үч өлчөмдөй чоң болуп чоюлуп калыптыр. Ал олимпийканы деле чечкен жок, шорта менен трусыны гана чечти. Зордуктай баштады. Ошол убакытта: «Айбан, канчык, жаагыңды бас!» деп сөгүнүп жатты.

Анан тура калып автоунаага жөнөдү. Мен коркуп кеттим, балким мээси ордунда эмеспи деп. Мен жерде жаткан трусы менен шортамды да кийген жокмун, колума кармаган бойдон артынан чуркап жөнөдүм. Жаан жаап аткан, жердин баары ылай эле. Ылайды бассам бут кийимим да көрүнбөй калды, бүт ылай болдум. Ал автоунаага жетип, эшикти ачты. Азыр отуруп алып кетип калат экен деп ойлодум. Автоунаанын артынан кантип жетмек элем? Баланы алып кетет, болду.

Ошол учурда ага бирөө чалып калды. Ал автоунаанын ичинен телефонун алды, эшик ачык калган. Уулум мени карап турат, мен жалаң олимпийкачанмын, ал жакта [ылдый жакта] болсо эч нерсем жок. Мен тез эле шортамды кийе калдым. Баары топурак болчу. Трусымды кийген да жокмун.

Ал: «Жаагыңарды баскыла, жаагыңарды баскыла!» деп өкүрүп кирди. Уулум ыйлап жаткан, ага болсо кимдир бирөө чалып жаткан, ошон үчүн жиндеп жатты. Ал уулумду колдон алып автоунаадан сүйрөп чыкты. Автоунаага отурду. Алдыңкы отургучта сыра калган, аны ыргытып жиберип кетип калды.

Мен бала менен жалгыз калдым. Трусым колумда. Уулум ыйлап атат. Жаан жаап атат, шамал катуу. Ал [уулум] ыйлап атып көгөрүп кеткен. Өзүм отуруп алып бүктөлгөн бойдон ыйлап атам. Турганга да, басканга да күч жок болчу. Байкушум туруп алып: «Энеке» деп коёт.

Турдум, бастым. Бардык, мен тоого чыктым, кайсы жакка кантип барса болоорун карап жаттым. Жолдон бир киши жолукту — ал койчу экен. Мен андан телефон сурап, чалып, кайда экенимди айттым. Мени ал учурда издей башташыптыр.

Таксиге мен түшкө чейин 11 же 12лерде отургам, үйгө төрттөрдө чалдым. Ошол убакыт бою кайра кетип бараткан болчумун. Мени издеп такси менен келишти. […] Эмнегедир анан ал таксист да, мен жолуккан койчу да суракка алынбаптыр. Сотто ал тууралуу да, башкасы тууралуу да кеп болгон жок.

Мен баарын сиңдиме айтып бердим. Ал мага дароо арыз жазыш керек экенин айтты. Анын үстүнө алар ансыз деле мени издеп жүрүп милицияга чалышыптыр, кыз жоголуп кетти дешиптир, бирок аларга убакыт өтө эле аз өтүптүр деп коюшкан экен.

Ошол эле күнү сот медицина эксперти чакыртылды. Караңгы кирип калган. Болжол менен саат төрттө үйгө жеттим, биз милицияга барып ал жакта кечке чейин калдык. Ал [зордукчу] ошол эле күнү бир жарым-эки сааттан кийин кармалды.

Мен милицияга арыз жазганы барганда бала үйдө калган. Милиция кызматкерлери үйгө менин баламды суракка алганы барышкан. Ага автоунаалардын сүрөттөрү бар «Купи-Продай» гезитин көрсөтүшүптүр, ал төрт шакекчеси бар «Ауди» болгонун айтыптыр. […] «Энем бир байке менен алыша кетишти, энем ыйлады, ал энемди урду, сүйрөдү», — деп айтып бериптир балам. Тергөөчү Бишкекке келгенде, биз балдар психологун таптык, менин адвокатым суракка катышты. Бала ошентип эле айтты: «Анан байке энемди көпкө чейин муунтту» деп. Албетте, ал түшүнбөйт да, үстүндө ал эмне кылганын.

Милиция аны алып келди, ошол жерден эле таанытуу болду: үч кишини алып келишти эле, мен аны дароо таанып көрсөттүм. Бирок ал башкача кийинген болчу, аппак шортачан же шымчан, бүт аппак.

Анан мени төрөт үйүнө алып барышып, сот медицина эксперти менден суюктук алды. […] Менден экспертиза алып жатышканда менин кебетем ушундай [ылай] болчу, ал кыз [төрөт үйүнүн кызматкери]: «Бул качан тынчыйт болду экен?» дегендей бир сөз айтты. Биринчи тергөөчү да бул биринчи окуя эмес экенин, ал [зордукчу] дайыма акча менен кутулуп жүргөнүн айткан.

Биз арыз жазаарыбыз менен кийинки күнү анын ата-энеси, бир тууганы келип, 20 миң сом бермек болуп, «баары бир сенин аракетиңден эч нерсе чыкпайт» дешти. Энеси: «Мен аны сот залынан алып чыгып кетем, көрөсүң. Андан көрө акчаны ал» деп кыйкырып жатты. Атасы: «Кечирип кой, кызым, мен эмне кыла алам? Бул ушундай, бирок кантсе да менин балам», — деди. Атасы муну «үй-бүлөдөгү айбан» деп жатты. Анан энеси: «Силерге акча эле керек» дегени кызык. Өздөрү алып келсе, каяктагы акча?

Алар бул маселе боюнча көп жолу келишти. Бирде автоунаа белек кылгысы келишет, бирде жок дегенде кылмышты экинчи даражадагы [оорчулуктан] биринчисине которуш үчүн акча сунуш кылышат. [Зордукчунун] балдарын аяй турганымды жаз дешти, «акча ал» дешти: «Балаңа бир нерсе алып бересиң» дешет. Мен акчадан да, башкасынан да баш тарттым. Соттолсун, жазасын тартсын. Ага болсо үч жыл берип коюшту, бул күлкү келе турган нерсе.

«Күнөөсү жок» деп алар [зордукчунун туугандары] экспертиза жок [биологиялык издер жок] экенин билгенде гана айта башташты, ага чейин ал баарын эле моюнга алып келген. Милиция кызматкерлери аны колго түшүргөндө ал ошонун баарын кылганын жазып берген. Ал: «Мен аны коркутуп алдым. Мен анын арыз жазаарын билген эмесмин» деп жазды. Беттештирүүдө да жыныстык мамиле болгонун моюнга алды. Менин адвокатым: «Кайда?» деп сураганда: «Жатынга», — деп жооп берди. Сотто болсо «таптакыр эч нерсе болгон эмес» дей баштады. […] Азыр болсо аны мен зордуктап салгансып баарын тескери айлантып жатышат.

  • Таксисттин адвокатынын версиясы

Баяндоо Бишкектеги басма сөз жыйынында айтылган адвокат Жуматай Абдрахмановдун айтынан жүргүзүлөт:

Зордуктоо боюнча басма сөз жыйынында тартылган сүрөт.

Биздин пикирибизде жана соттолгон адамдын пикиринде, соттун чечими, жумшак айтканда, мыйзамсыз чыгарылган. Анткени ошондой окуя, зордуктоо болгонун ырастаган бир да далил болгон жок.

Сот жабыркагандын жана анын беш жашар уулунун көрсөтмөсүн гана жетекчиликке алды. Ал [уулу] деле чын эле ошондой болгонун түз көрсөтпөйт жана талаптагыдай сүрөттөп бере албайт. Ал айтып жатат: «Ооба, мен көргөм, энем бирөө менен урушуп жаткан жана анча-мынча койгулаша кеткен» деп жатат.

Эми ал [жабыркаган аялдын баласы] апыртканды билбейт деген психологиялык экспертиза бар экен дечи. Бирок бала суракка алынып жатканда соттолуучунун адвокаты катышкан эмес. Ал болсо катышууга укугу бар болчу. Мейли, тергөөдө байкабай калышты дейли, ал эми биринчи инстанциядагы сотто ал [бала] жок болчу. Сот баланы уккан да эмес. Прокурор болсо «бул баланын психикасына [зыян келтирет], баланы суракка алганга болбойт» деп каршы туруп алды. Эмне үчүн болбойт? Эгерде сот ал көрсөтмөнү жетекчиликке алып жатса — ал [сот] ошону текшериши керек болчу.

Окуялар болсо Балыкчы шаарында саат 12-13тө болгон. Силер аны кандай элестетесиңер? Таксист, кадимкидей эле киши, үй-бүлөсү бар, жетиштүү жашайт, анан кантип ошондой болсун? Мындай иштер адатта башкача жасалат. Эл жок жерде, токойдо же тоодо дегендей. Шаардын ичиндеби, шаардын ортосундабы, кантип? Мен ишенбейм. Сот эмнени негиз тутканын билбейм.

Экспертизанын корутундуларынын баары андай окуя болбогонун көрсөтүп турат. Жабыркаган аялдын трусасында из, соттолуучунун антигени табылган эмес. Денесинде көрүнгөн же көрүнбөгөн урундусу жок. Жабыркаган аялдын сөзүнө ишенсек, мушташ болгон болуп атпайбы.

«Зордуктоо» деген сөздүн өзү «адамды мажбурлоо» дегенди билдирет. Ыктыяры болбосо кантип мажбурлашат? Колун кайрышат, бетке же мурунга урушат, билбейм. Кандайдыр жол менен күч колдонушат. Ал эми экспертизанын корутундусу боюнча, жабыркаган аялдын денесинде эч кандай, ал тургай жеңил да көгала жок. Эч кандай антиген, дегеле эч нерсе болгон эмес.

Мына акча тууралуу бекеринен айтылган жок. Адегенде ал 20 миң сом талап кылып жаткан, кийин 20 миң долларга өттү. Эмне үчүн? Кереги эмне? Тергөө жана сот аны аныктаган жок. […]

Мен так билбейм, балким ал арыз жазган учурда ал кишини алып келишкенде, ошондон кийин акча талап кылса керек. Бирок акча ала турган учур келгенде ал баш тарткан. «Мага доллар керек» деп эле туруп алган.

Ал 20 миң долларды мыйзамсыз талап кылып жатат. Материалдык зыян болгон эмес да. Ал эми моралдык зыянды ал талап кылышы керек болчу, бирок соттун өкүмүндө жок. Эгерде ал жарандык доо арыз берген болсо, соттун өкүмүндө көрсөтүлүшү керек эле.

Эч кандай мотив жок. Соттолгон адам мурун соттолгон эмес, үй-бүлөсү бар, жашоосу жетиштүү. Башкача айтканда ал мындай кадамга барбашы керек эле. Жөнөкөй түшүнүктөр менен. Бирок эмнегедир сот ушундай чечим чыгарды жана анысы да түшүнүксүз, анткени ал берене боюнча негизи беш жылдан жогору [мөөнөткө эркинен ажыратылат]. Эмне үчүн сот үч жыл берди? Бул дагы суроо. «Мурда соттолбогону, үй-бүлөсү бар экени, мүнөздөмөсү жакшы экени эске алынды» деп атат. Ошол үчүн элеби? Мен ишенбейм.

Менин жакталуучум күнөөсүз экенин айтып жатат. Ал айтат: «Баласы бар аял тосту, мен аны автоунаага отургуздум». Ага чейин эки аял отурган. Ал ошолорду автовокзалга жеткирип, анан тигинден кайда бараарын сураган. Ал кайда барышы керек экенин түшүндүрө алган эмес. Кайсы бир көчөнү издешкен. […] Балким аны жарым саат ташыганбы, бир саатпы, мен билбейм. […] Акыр аягында ал аялды колдон алып чыгарып салып кетип калган. Болду. […] Балыкчы шаарында, шаардын тышында эмес. Так көчөсүн билбейм, бирок тоодо эмес. […] Ал намаз окуйт экен. Так ошол убакта намаз башталат. […] Тиги аял болсо мас экен. Адегенде бир жакка барыш керек деп, кийин ал жерди тааныбай койгон.

Эмне үчүн ал мунун баарын ойдон чыгарышы мүмкүн эмес деп эсептейсиз? Мас болуп алгандан кийин өзүнө келип ойлоп табышы мүмкүн болчу.

Тилекке каршы [жабыркаган аялдын мас абалында болгонуна далил] жок, ошондуктан кыйыр түрдө айтып жатам, эч ким текшерген эмес. Ошондуктан мен «кыйыр түрдө» деп, бирок соттолгон кишинин сөзүнө таянып айтып жатам.

Ал түшүрүп салып жатканда тигил аял нааразы болуп, ал: «Мен сени түрмөгө отургузам. Сен мени жеткиришиң керек болчу» деп кыйкырып жаткан. Бирок каякка жеткириши керек болгонун аял билген эмес. […] Ошондуктан мас [абалда] андан кийин кетип калып, арыз жазып салып баса берген. Соттолгон кишинин туугандарынын айтымында, кийин ал көпкө чейин көрүнбөптүр. Аны эки-үч күнчө таба албай коюшкан. Бир жерде өзүнө келгиче жатса керек.

Иштин материалдары боюнча анын туруктуу жашаган жери жок экен. Албетте, ал бизге тиешеси жок, бирок кыйыр түрдө ошого да караса болот да. Жабыркаган аял кантип жашайт, эмнеси бар, жетиштүү турмуштабы, үй-бүлөсү барбы же жокпу? Көрсө ал батир жалдайт экен, туруктуу жашаган жери жок экен. Ажырашыптыр. Окуя болгон учурда мас болчу.

Прокуратура баарын текшерген, учурда соттолгон адам кайсы бир жерде кимдир бирөөнү зордуктоого аракет кылганына же жоопко тартылганына эч кандай далил жок. Менин маалыматым боюнча, текшерүү болгон жана ал мурун ушул же башка беренелер боюнча соттолгонуна далил жок. Аракет кылганына да далил жок.

Менден соттолгон кишинин туугандары басма сөз жыйынына чыгып сүйлөп берүүнү өтүнүштү. Анткени ал тууралуу маньяк деп көп маалымат чыгып кетти, аны талкуулай башташты. Алар [туугандары] балким сүйлөгүсү деле келбесе керек, бирок ушунун баары аларды аргасыз кылды да.

Салгылашабыз. Күнөөсүз экенин далилдейбиз.


ТЕМА БОЮНЧА: