Кышкы Азия оюндары: Кыргызстандын хоккей курамасы күмүш алды

Кышкы Азия оюндарындагы Кыргызстан менен Түркмөнстандын финалдык хоккей беттеши 7:3 эсебинде түркмөндөрдүн жеңиши менен аяктады.

Биринчи айлампада түркмөн хоккейчилери аябай активдүү оюн көрсөтүшүп, алгачкы алты мүнөттө эле эки шайба киргизишти. Бирок бул кыргызстандыктардын маанайына таасир эткен жок.

Биринчи 20 мүнөттүн соңунда кыргыз курамасы эсепти 2:2 кылып теңеди. Олег Колодий менен Владимир Ничипуренко өзгөчө оюн көрсөттү.

Калган эки айлмпада Түркмөнстандын курамасы беш жолу шайба киргизип, ал эми Кыргызстан болсо бир эле жолу шайба киргизе алды.

Матчтын жыйынтыгы Түркмөнстандын пайдасына 7:3 менен аяктап, кыргыз курамасы күмүш алып калды.

Азия оюндарындагы өзүнүн биринчи беттешин Кыргызстандын курамасы Кувейттин командасына каршы ойноп, 5:0 эсебинде таш-талканын чыгарган. Андан кийин көз жоосун алган Филиппинге каршы оюнда эсеп 10:5 болгон.

Кыргызстан Бахрейн курамасы менен 22-февралда беттешиши керек болуп, бирок кандайдыр бир себептерге байланыштуу каршылаштар Кышкы оюндарга келбей калган. Тайпалык баскычта Кыргызстандын каршылашы Катар болуп калган.

Үчүнчү жеңишти катары менен багынткан кыргыз курамасы А тайпасынын алдыңкы сабына чыгып, В тайпасынын жеңүүчүсү Түркмөнстан менен беттешкен.

Дивизиондо жалпы экиге бөлүнгөн он команда болгон. Ар бир топтун жеңүүчүлөрү алтын менен күмүш үчүн ат салышып, ал эми 2-орунду алгандар коло үчүн күч сынашкан.

Саппородогу (Жапония) кышкы Азия оюндары 18-февралда башталып, 26-февралга чейин улантылат. Кыргызстандан бул оюндарга спорттун төрт түрү боюнча 32 спортчу катышты.

Сүрөт: Жаштар, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги


ТЕМА БОЮНЧА: