24 жаштагы Тимур Губаев тоо чаңгек спорту менен жаштайынан машыгат. Анын альпинист атасы уулун эки жашында эле лыжага тургузуп, кыймылдын ийкемине жана ыгына үйрөтө баштаган.

Өз өмүрүндө Тимур Кыргызстандын намысын коргоп ондогон жергиликтүү жана эл аралык мелдештерге катышкан. Бардык жетишкендиктеринин ичинен ал үчөөнү баса белгилейт: жергиликтүү чемпионаттагы 1-орун, Орусия чемпионатындагы 4-орун жана Европа кубогундагы 7-орун. Алматыда жакында болгон Универсиадада кыргыз командасынын мыкты көрсөткүчүн да Тимур камсыз кылды — ал сноубордкросс боюнча 16-орун алды.

Спорттун кышкы түрлөрү менен алектенүү көп чыгашаны талап кылса да, Тимур спортчулар өзүн өзү камсыз кылышы керек деп эсептейт. Кыргыз спортчулары Универсиадага бирдиктүү формасы, жакшы шаймандары жок барганын «Бешинчи канал» көрсөткөндөн кийин мамлекеттин дарегине мөндүрдөй жааган сын пикирлерге ал макул эмес.

24 жаштагы Тимур — Борбор Азияда Улуттук сноуборд федерациясынын эң жаш президенти. Ал мамлекеттин чамасы чакталуу экенин түшүнүп турат жана шаймандарга кеткен чыгымды жаап бере турган демөөрчүлөрдү көп учурда өзү издейт.

Тимур спортчулар өзүн өзү камсыз кылышы керек деп эсептейт.

Мамлекет ага билети менен жашаган жеринин акысын төлөп берсе эле болду. «Демөөрчүлөрдүн гранттарына биз [Сноуборд федерациясы] шаймандарды сатып алып, өзүбүз машыгабыз. Мамлекет бизге күрмө сатып берүүгө милдеттүү эмес. Чын эле Европада ошондой деп ойлойсуңарбы?» — деп сурады ал.

***

Тимур Кыргызстандын аба ырайы тоо чаңгек спортун өнүктүрүүгө ылайыктуу, бирок инфратүзүм жетишсиз деп эсептейт. Анын айтымында, спорттун бул түрүн өнүктүрүш үчүн көп акчанын кереги жок, пландоонун жалпыга таандык стандарттарын гана эсепке алыш керек. Ал Кыргызстанда бул стандарттар сноубординг мектептеринен тартып эле сакталбай келатканын айтты.

Тимур Кыргызстандын аба ырайы тоо чаңгек спортун өнүктүрүүгө ылайыктуу деп эсептейт. Сүрөт: Эдил Байызбеков.

Кыргызстанда спорттун кышкы түрлөрү боюнча масштабдуу мелдештерди уюштурса болот, бирок Тимурдун айтымында ал үчүн акча жана стандарттардын сакталышы зарыл. «Бизге ички спорт, ыктарга үйрөтүү жетишпейт, машыгууну тоодо эмес, трамплиндери бар атайын трассада өткөрүш керек. Спортчу 12 метрлик трамплинден секирүүгө даяр болушу керек да. Бизде андайлар жок», — дейт ал.

Павел Вакурин дүйнөнүн ондон ашуун өлкөсүндө болуп, Ванкувердин эң мыкты трассаларында жылгаяк тепкен.

Сноубордчу Павел Вакурин да эл аралык оюндарда Кыргызстандын намысын коргоп жүрөт. Ал дүйнөнүн ондон ашуун өлкөнүндө болуп, Ванкувердин эң мыкты трассаларында жылгаяк тепкен. Ал Кыргызстандагы инфратүзүм 30 жылга артта калганына өкүнөт: атайын эңкейиштер менен трамплиндер жок, жылы бою машыкканга шарт да жок.

Ал спортчу баарын өзү сатып алса болот деген Тимурдун пикирин туура көрбөйт. Тоо чаңгек спорту — кымбатка түшө турган зоок. Карбаскы (снегоход) менен тоого чыгыш үчүн беш миң сом төлөш керек, аркан жолдо көтөрүлсөң  — миң сомго жакын. «Аркан жолго абонемент, атайын жылуу кийим, жашаган жериң — ушунун баары кыйла кымбатка түшөт», — деп түшүндүрдү Павел.

Кирилл Иргисцев 13 жашынан бери чаңгек тебет. Сүрөт: Эдил Байызбеков.

Бирок спортчулар акыркы беш жылда тоо чаңгек базаларынын инфратүзүмү кыйла оңолду деген ойдо: жаңы конок үйлөрү салынып, тамактануу жайлары пайда болуп, шаймандарды ижарага алуу алда канча жеткиликтүү болуп калды.

«Ак-Таш» тоо чаңгек базасынын башкаруучусу, чаңгекчи Кирилл Иргисцев Советтер Союзунун тушунда Кыргызстанда тоо чаңгек боюнча СССРдин курама командасы машыгып жүргөнүн эске салды. Бирок Союз кулагандан кийин каржылоо токтоп, спортчулар машыгуу үчүн өз алдынча акы төлөгөнгө алы жетпей калган.

Кирил Иргисцев өлкө спорттун өнүгүшүнө кызыкпай жатат деген пикирде. Сүрөт: Эдил Байызбеков.

Иргисцев Кыргызстандын тоолуу жеринде катылып жаткан мүмкүнчүлүктөргө карабастан жалпы эле өлкөдө спорттун кышкы түрлөрүн өнүктүрүүгө кызыккандар аз деп эсептейт. «Таң каларлык жаратылышыбыздан тышкары, биз чет өлкөлүк конокту таң калтыра ала турган нерселер аз эле да», — дейт ал.


ТЕМА БОЮНЧА:

ПИКИР БИЛДИРИҢИЗ