Текебаев камактан чыккыча «Ата Мекенди» Шыкмаматов убактылуу жетектеп турат

Депутат Алмамбет Шыкмаматов «Ата Мекендин» башчысы Өмүрбек Текебаев эки айга камакка алынганына байланыштуу фракцияны убактылуу жетектеп турат. Оппозициячы «коррупция» боюнча шектенүү менен кармалган, ал болсо өзүнө каршы козголгон кылмыш ишин «саясий куугунтук» деп эсептейт.

«Ата Мекен» фракциясы 28-февралда өткөн чукул жыйында Шыкмаматовду фракция башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу кылып шайлоону чечти.

Кечээ, 27-февралда Бишкектин Биринчи май райондук соту көчмө жыйында Өмүрбек Текебаевди УКМКнын тергөө изоляторуна эки айга камакка алды.

Саясатчы 2010-жылы «Мегаком» уюк операторунун акциясына байланышкан маселелерде колдоо көрсөтүшү үчүн орусиялык ишкер Леонид Маевскийден 1 миллион доллар пара алган деп шек саналууда.

Оппозиция соттун тандаган санкциясына макул эмес жана ага каршы даттанууга ниеттенүүдө. «Ата Мекен» партиясынын депутаттарынын бири Каныбек Иманалиев бийлик анын партиялаштарын куугунтуктоо менен «мыйзамды таптакыр тебелеп-тепсеп жатат» деп эсептейт.

Азыркы фракция башчысы болуп шайланган Шыкмаматовго каршы да кылмыш иши козголгон, ал автоунааларды сатып алуу боюнча тендер өткөрүүдө жасалма келишимдерди түзгөн деп шек саналууда.

Текебаевдин тарапкерлери УКМКнын имаратынын алдында нааразылык акциясын улантууга, саясатчыны бошотууну жана «атамекенчилерди» куугунтукка алууну токтотууну талап кылууга белсенип жатышат.

Акциянын катышуучулары буга чейин эки митинг өткөрүп, нааразылык «мөөнөтсүз» болоорун жарыялашты. Митингдердин бири бүгүн, 28-февралда, Кыргызстанга Орусиянын президенти Владимир Путиндин келишине карабастан өтмөкчү.

Кыргызстандын негизги оппозициячыларынын бири болгон Текебаев 26-февралда «Манас» аба майданында «Мегаком» уюк операторунун акцияларын сатууга байланыштуу «Алдамчылык» жана «Коррупция» боюнча шектенүү менен кармалган.

Ошол эле күнү Текебаевдин 1000дей тарапкери нааразылык акциясына чыгып, саясатчыны бошотууну, УКМКнн башчысы Абдил Сегизбаевди өлкө президенти Алмазбек Атамбаев менен кошо кызматтан кетирүүнү талап кылышкан.

Азырынча митингдегилерге бийлик өкүлдөрүнөн эч ким чыга элек.


ТЕМА БОЮНЧА: