Садыр Жапаров УКМКга суракка чакырылды

Мурдагы депутат Садыр Жапаров УКМКга күбө катары суракка чакырылды. Депутаттык мандаттан ажыратылгандан кийин чет өлкөдө жүргөн Жапаров Кыргызстанга кайтып келүүгө убада берүүдө.

Чакыруунун сүрөтүн Жапаров «Фэйсбуктагы» өз барагына жарыялады. Анын айтымында, чакыруу анын Ысык-Көл облусунун Кең-Суу айылындагы атасынын үйүнө келген.

Чакырууда Жапаров суракка күбө катары 3-мартта келиши керек экени жазылган.

«Мен чет өлкөдө жүргөндүгүмө байланыштуу, сиздин чакырууңузга 25-март күнү барамын», — деп жазат мурдагы депутат.

Депутаттын түйүндө тараткан кыргызстандыктарга кайрылуусунда Жапаров чет өлкөдө бир тууганынын оорусуна байланыштуу жүргөнүн жана жакын арада кайтып келээрин билдирген.

ЖМКнын маалыматы боюнча, Жапаров азыр Кипрде жүрөт.

2017-жылдын январында Кипрге оппозициячыл депутат Өмүрбек Текебаев барган. Кыргызстанга келгенден кийин саясатчы прокуратурага өз сапары жөнүндө маалымат берген. Ал ошол жактан президент Алмазбек Атамбаевдин туугандарынын кирешеси тууралуу маалымат алганын айткан.

Садыр Жапаров — бийликти күч менен басып алуу боюнча айыпталган үч оппозициячыл саясатчынын бири.

Ал Камчыбек Ташиев жана Талант Мамытов менен кошо 2012-жылдын 3-октябрында «Кумтөр» алтын кенин мамлекетке алыш үчүн митинг өткөрүшкөндөн кийин 2013-жылы депутаттык мандатынан ажыратылган.

Мурдагы депутаттар Ташиев, Жапаров жана Мамытов 2012-жылы.

Ал күнү Камчыбек Ташиев жана дагы он чакты киши парламент имаратынын кашаасынан секирип өтүүгө аракет кылышкан.

Депутаттар өздөрү өкүмдү саясий чечим деп аташкан, алардын адвокаттары өкүм оппозициянын бул негизги үч өкүлүн депутаттык мандаттан ажыратыш үчүн чыгарылган деп эсептейт.


ТЕМА БОЮНЧА: