БЧБнын аңдуусу, сасыган «Ата Мекен» жана парламентти таратуу: Атамбаев маданият ишмерлерине сыйлык тапшырууда эмнелерди сүйлөдү?

Президент Алмазбек Атамбаев мамлекеттин жарандарына маданияттагы жетишкендиктери үчүн сыйлык тапшырууда сөз сүйлөдү. Ал парламентти «ушак тараткан жер» деп атап, аны таратып жиберүүнү сунуш кылды, адеп-ахлак жылын «сасык саясатчылардан» арылуу убактысы катары баалап, ал эми америкалык саясатты «эки жүздүү» деди.

Атамбаев өзүнүн куттуктоо сөзүн тарых жана маданият жылында эң негизги жетишкендиктерин атоодон баштады. Алар: Көчмөндөр оюндары жана 1916-жылдагы Үркүн көтөрүлүшүнүн жүз жылдыгы.

Бирок өзүнүн куттуктоо сөзүнүн негизги бөлүгүн президент Кыргызстандагы азыркы саясий кырдаалга арнады.

Президент эмне жөнүндө сүйлөдү?

  • Парламенттин таратылышы жөнүндө

Атамбаев, парламент президент жөнүндө ар кандай ушактарды чогулткан жерге айланганын билдирди.

«Ураган Боингде “Атамбаевдин алтын-каухарлары болгон”, “Атамбаевдин Кипрде акчасы бар”, “Атамбаевдин аялынын эсебинде акча 2011-жылдан кийин эле пайда болгон” деген ушактар парламенттин трибунасынан айтылып, Жогорку Кеңеш күндөн-күнгө мыйзам чыгаруучу жайдан ушак чыгаруучу жайга айланып баратат», — деди ал.

Атамбаев парламентти таратууну сунуш кылды.

«Өткөн аптада депутат Бакыт Төрөбаев сессияда депутаттарга кайрылып, “тарап эле кетпейлиби” деген сунуш айтты. Ал го, мародёр акесине болушуп, күйүп айтты, бирок, мен анын сунушун колдойт элем.

[...] Эл бузарларды, мародёрлорду тайраңдатып, балыктай болуп карап отурганча, чын эле депутат Төрөбаевди колдоп, тарап эле кетпейсиңерби?» — деди ал.

  • «Сасыган» «Ата Мекен» жөнүндө

Президент камакка алынган оппозициячы Өмүрбек Текебаев башкарган «Ата Мекен» партиясын «сасыган» деп атады.

«“Атамбаев Ата-Мекенден колуңду тарт” деген лозунг көтөрүп алышыптыр митингде. Эй, биздин Ата-Мекенибиз — Кыргызстан. Ошол 7-апрелде курман болгон жигиттер сасыган партияңар үчүн өмүрүн берди дейсиңерби? Ата-Мекенибиз үчүн берди!», — деп билдирди Атамбаев.

  • ЖМКлар Американын акчасына иштегени жөнүндө

Президент парламент сыяктуу эле «Азаттык» үналгысы да ал жөнүндө ушак таратып, «Американын акчасын актап жатышканын» айтты.

«“Азаттык” деген ыйык атты жамынып алып, Америка конгресси тарабынан каржыланган радио “Свободанын” өлкөбүздөгү филиалы өзгөчө жанталашып жатат өлкөбүз жөнүндө, мен жөнүндө ушак таратып. Америкадан алган акчасын актап жатат абдан!» — деди Атамбаев. Мында президент кайсы макалалар тууралуу кеп болуп жатканын тактаган жок.

  • БЧБ, Трамп жана АКШнын саясаты жөнүндө

Атамбаев анын артынан «далайлар аңдып жүрөт», анын ичинде америкалык чалгын да аңдып жүрөт деп эсептейт.

«Атамбаевдин кымындай илинчеги болсо, тийиштүү документтер “Азаттыкка” дароо түшмөк, эчак парламентке жеткирилмек. ЦРУ (Борбордук чалгындоо башкармалыгы — ред.) эшек такалап жүрөт дейсиңерби!? Атамбаевди аңдыгандар көп!» — деди президент.

Ошол эле учурда ал АКШнын саясаты «эки жүздүү» экенин айткан АКШнын президенти Дональд Трамптын сөзүнө макул экенин билдирди.

«Мен өткөн жылы АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри келгенде да сурадым. “Эмнеге Азимжан Аскаров камалганда, ага соттук чечимдер чыгарылганда президент болуп отурган Отунбаевага ошол кезде сыйлык бересиңер, а бирок базаңарды Атамбаев чыгаргандан кийин чоочуп ойгонуп, Аскаровго сыйлык бересиңер. Бул эмне деген эки жүздүүлүк?” деп сурасам, эмне деп жооп берерин билбей калды Джон Керри, жарыктык.

АКШнын жаңы президенти Дональд Трамп Америкадагы саясаттагы эки жүздүүлүк жөнүндө абдан туура айтып жатат. Мен аны толук бойдон колдойм! Бирок бул эки жүздүүлүктү жоюуга алы жетээр бекен?» — деп сурады Атамбаев.

  • Ыйман жана келечек пландар жөнүндө

Өз сөзүн Атамбаев 2017-жылы Кыргызстан «сасык» жана «ыймансыз» саясатчылардан кутулаарына үмүт артканы менен бүтүрдү.

«Мен ушул жылды “Ыйман” жылы деп бекеринен атаган эмес элем. Жараткан колдоп, ыймандуулук жылы кыргыз элибиз ыймансыз сасык саясатчылардан кутулса экен деп, Кудайдан тилеп койгом. Кудай тилегибизди укса экен!» — деп сөзүн жыйынтыктады президент.


ТЕМА БОЮНЧА: