Атамбаев саясатта калат (бирок мурда чыгармачылык менен алектенүү жөнүндө кыялданчу эле)

Президент Алмазбек Атамбаев саясатта калаарын билдирди. Бирок Атамбаев өзү президенттик кызматтан кийин чыгармачылык менен алек болгусу келгенин көп жолу айткан.

Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушууда Атамбаев саясатта калаарын билдирди.

Оппозициячы Өмүрбек Текебаевдин кармалышы тууралуу журналисттин суроосуна жооп берип жатып Атамбаев Текебаевдин иши — «таптаза коррупция жана алдамчылык» экенин айтты.

«Бирок менин тушумда мунун баары аягына чыгарылат. Мен президент болбойм, бирок кантсе да саясатта калам», — деп билдирди Атамбаев.

Ал «саясатта калганы» эмнеси экенин түшүндүргөн жок — президенттин администрациясынан комментарий алганга мүмкүнчүлүк болгон жок.

Мурда Атамбаев премьер-министр да, парламент спикери да, президент да болбой турганын бир нече жолу айткан. Ал чыгармачылык же ишкерлик менен алектенүүгө ниет коюп жатканын билдирген.

«Мен дайыма чыгармачылык жана ишкерлик менен алектенсем деп кыялданчумун, кыялым ошондой болчу. Бир жылдан кийин менде … […] убакыт көп болот. Бир жылча күтүп турайын, мен китеп окуганга убактым болот. Мен китеп окуганды жакшы көрөм, бирок тилекке каршы азыр убакыт жок», — деген Атамбаев 2016-жылдын аягында.

Мындан тышкары, ал саясаттан «мүмкүн болушунча алыстай тургандыгын» — китеп окуп, пианино чертип, уктай тургандыгын билдирген.

«Мен уктайм, китеп окуйм. Мен пианино черткенди үйрөнсөм деп дайыма эңсечү элем. Албетте, мен үчүн өлкөм ар дайым кымбат болот. Мен жаңы адамдар — жаңы президент, жаңы премьер-министр — кадимкидей иштеши үчүн мүмкүн болушунча оолак болгонго аракет кылам», — деген Атамбаев.

Атамбаевдин ыйгарым мөөнөтү жаңы президенттик шайлоо өтө турган 2017-жылдын акырында аяктайт. Алар 19-ноябрга пландалган.

Мамлекет башчысы алты жылдык бир мөөнөткө шайланат. Конституция боюнча Атамбаев экинчи мөөнөткө талапкерлигин кое албайт.


ТЕМА БОЮНЧА: