Башкы прокуратура Атамбаевдин ар-намысын коргош үчүн «Ата Мекендин» юристтерин сотко берди

Көзөмөл органы Атамбаев Дача-СУ кыштагынын жанында кыйраган «Боинг-747деги» жүккө тиешеси бар экендиги тууралуу маалымат тараткандыгы үчүн «Ата Мекен» партиясынын юристтерине каршы доо арыз берди. Башкы прокуратура президенттин ар-намысын коргойт.

Доо арыз Бишкектин Октябрь райондук сотуна жөнөтүлдү, биринчи отурум 16-мартка дайындалды.

«Бизге телефон чалышып, Башкы прокуратура президенттин кызыкчылыгында ар-намысты жана ишкерлик абройду коргоо боюнча доо арыз бергенин айтышты», — деди Kloop.kgге «Ата Мекендин» өкүлү Таалайгүл Токтакунова.

Анын айтымында, партиянын юристтери азырынча доо арыздын мазмуну менен тааныша элек. Бирок алар доо арыз «Ата Мекендин» башчысы Өмүрбек Текебаев кулап түшкөн «Боинг-747» боюнча юристтер тараткан документтер менен байланыштуу деп божомолдоп жатышат.

Юристтер 1-марттагы басма сөз жыйынында Түркиянын атайын кызматтарынан алынды деген катты таркатышкан. Алар бул кат кыйраган учактагы жүк президент Алмазбек Атамбаевге жана анын аялына таандык экенин далилдей тургандыгын айтышкан.

Бирок Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Метин Кылыч бул документтердин «жасалма» экенин айтып, анын өлкөсүндөгү атайын кызмат мындай иштебей турганын билдирген. УКМК бул документтерди «акылга сыйбас нерсе» деп, президенттин аппараты болсо мындай билдирүүлөр аркылуу юристтер Текебаевдин иши боюнча жүрүп жаткан «тергөөгө кесым көрсөткүсү келип жатышканын» билдирген.

Жүк ташуучу «Боинг-747» «Манас» аба майданынын жанындагы Дача-СУ кыштагына 16-январда кулап түшкөндө 39 киши каза тапкан.

Кулап түшкөн учактагы жүктүн бир бөлүгү чын эле Кыргызстанга арналган, бирок Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет «Боинг-747» кырсык болгон күнү «Манас» аба майданында жүк түшүрбөшү керек болгонун билдирген. «USB-оттуктардан» турган жүк өлкөгө Стамбулдагы аба майданынан келмек.


ТЕМА БОЮНЧА: