Сот Текебаевди апрелдин аягына чейин камакта калтырды

Оппозициячы Өмүрбек Текебаевдин адвокаттары соттон аны үй камагына чыгарууну суранышты. Сот мурдагы чечимди күчүндө калтырып, Текебаев УКМКнын ТИЗОсунда 25-апрелге чейин кала турган болду.

Оппозициячы Текебаевдин адвокаты Чынара Жакупбекова сот оппозициячынын баш коргоо чарасы катары мурдагыдай эле аны эки айга камакка алууну калтырганын билдирди.

Анын айтымында, ишти Бишкек шаардык соту карашы керек эле, бирок коопсуздукка байланышкан жагдайлардан улам отурум мурдагы Аскердик соттун имаратында өттү.

Жакупбекова бул чечимге каршы Жогорку сотко даттанаарын айтты.

Оппозициячы жана «Ата Мекен» партиясынын башчысы Өмүрбек Текебаев «Манас» аба майданында 26-февралга караган түнү кармалган. Андан бир күн мурун орусиялык ишкер Леонид Маевскийдин көрсөтмөсүнүн негизинде ага каршы «Коррупция» жана «Алдамчылык» беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

Текебаев эки айга камакка алынды, оппозиция митингин улантат

Маевский 2010-жылы Текебаевге «Мегаком» компаниясын башкарууга жеткилик алып бериши үчүн бир миллион доллар бергенин айткан.

Кармалгандан кийин Текебаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин имаратына жеткирилген.

Текебаевдин тарапкерлери УКМКнын алдына митингге чыгышкан. Оппозициянын нааразылыгына карабастан, Биринчи май райондук соту аны эки айга камакка алган. Азыр оппозициячы УКМКнын ТИЗОсунда отурат.

Оппозициячылар Текебаевдин камакка алынышын «саясий куугунтук» деп атап келишет.