Тепловоз менен автоунаанын кагылышынан бир аял мерт болду

Беловодск—Кара-Балта бекетинин темир жол өткөөлүндө жол кырсыгы болду. Автоунаа тепловоз менен кагылыша кетти. Жол кырсыгынан автоунаадагы жүргүнчү аял мерт болду.

ИИМдин басма сөз кызматы автоунаа менен тепловоздун кагылышынан улам бир аял курман болуп, төрт киши жабыркаганын билдирди. Алардын баары автоунаанын жүргүнчүлөрү болчу.

Автоунаанын жүргүнчүлөрүнүн арасында айдоочу, төрт жашар бала жана ымыркай кыз бар болчу, алардын баары ар кандай жаракат алып ооруканага жаткырылды.

Алдын-ала маалымат боюнча, жол кырсыгы 9-мартта, 19:25те болгон. «Хонда Аккорд» автоунаасынын айдоочусу кайтарылбаган темир жол өткөөлү аркылуу тез өтүп кетүүгө аракет кылган. Ал тепловоз жакындап келатканы тууралуу сигналдык отторго жана үн менен эскертүүгө карабастан токтобой койгон.

Тепловоздун айдоочулары автоунааны байкап калып, тормоз бергенге аракет кылышкан, бирок баары бир кагылышууга учураган.

Милиция жол кырсыгын иликтеп жатат.

Сүрөт: «Кыргыз Темир Жолу»


ТЕМА БОЮНЧА: