Орусиянын элчилиги ТИМден Михайловду чыгарып жиберүүнүн себептерин түшүндүрүүнү талап кылды

Кыргызстандагы Орусиянын элчилиги ТИМге Орусиянын жараны, «Регнум» басылмасынын редактору Григорий Михайловду чыгарып жиберүүнүн себептерин түшүндүрүүнү талап кылып нота жиберди. Аны Казакстанга өздөрүн милиция кызматкери катары тааныштырган адамдар 10-мартта чыгарып салышкан. Ал Кыргызстанга кайтып келе алган жок, анткени өлкөгө киришине тыюу салынган адамдардын тизмесинде болуп чыккан.

Орусия элчилигинин басма сөз катчысы Дарья Пахомова Kloop.kgге анын мекемеси депортацияланган журналистке байланышкан абалга көз салып турганын билдирди.

«Биз бул кырдаалдан кабардарбыз жана окуянын бардык жагдайларын аныктап жатабыз. Учурда биз Кыргызстандын ТИМине окуянын себептерин түшүндүрүүнү өтүнүп нота жибердик», — деди ал.

Анын айтымында, азырынча кыргыз дипломаттарынан жооп болгон жок, бирок мындан аркы кадамдарын Орусиянын элчилиги Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин комментарийлеринен кийин жасайт. Мекемедегилер жооп даярдалып жатканын Kloop.kgге кабарлашты, бирок кырдаал боюнча комментарий беришкен жок.

24.kg маалымат агенттигинин кабарына караганда, Ички иштер министрлиги журналистти чыгарып салууга байланышкан жагдайга комментарий берүүдөн баш тартты. Агенттиктин кабарчысына окуянын себептери тууралуу мекеменин өкүлдөрү кийинки жумада жооп берүүгө даяр болушаарын айтышкан.

«Прецедент» компаниясынын юристи Жибек Кенжебекова Kloop.kgге ИИМдин 10-бөлүмүнүн кызматкерлери Кыргызстандын Кылмыш кодексин бузушканын айтты — анын пикиринде, алар кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышкан.

Кенжебекова бул үчүн милиция кызматкерлери 100 миңден 200 миң сомго чейин штраф төлөп же бир жылдан үч жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн экенин билдирди.

Өлкөдөн чыгарып жиберүү

Журналист Григорий Михайловду Казакстанга өздөрүн ИИМдин 10-башкы башкармалыгынын кызматкерлери катары тааныштырган адамдар чыгарып жиберишкен. Алар ага Бишкектеги Жеңиш аянтында жүргөн жеринен документин текшергени барышкан. Журналист — Орусиянын жараны.

Михайловдун каттоосунун мөөнөтү өтүп кеткен. Мыйзам боюнча ага 10 миң сом штраф салынышы керек болчу.

Бирок Михайловдун айтымында милиция кызматкерлери аны өз автоунаасында «Ак-Жол» чек ара пунктуна чейин жеткирип, жаңыртылган каттоо менен кыргыз-казак чек арасынан кайра өтүп келүүнү сунуш кылышкан. Бирок журналист кайра Кыргызстанга келмекчи болгондо ага өлкөгө кирүүгө тыюу салынганы тууралуу айтылган. Ага эч кандай документтер көрсөтүлгөн эмес.

Журналисттин пикиринде, укук коргоо органдарынын мындай аракеттери анын макалалары менен байланыштуу, анткени анын Кыргызстандагы окуяларга берген баасы азыркы бийликке жакпай калышы мүмкүн болчу.

Мындан тышкары, «Регнум» басылмасы 9-мартта оппозиция президент Алмазбек Атамбаевди психиатриялык экспертизадан өткөрүүнү талап кылып жатканы тууралуу макала чыгарган. Макалада президент менен оппозициячыл «Ата Мекен» партиясынын тирешүүсү баяндалат.

Өзүнүн «Фэйсбуктагы» барагында Михайлов Алматыдан Москвага учуп кеткенин жазды.

ЖМКга карата кысымдын күч алышы

Журналистти депортациялоо Кыргызстанда президенттин ЖМКга көрсөткөн кысымы күчөп турган шартта болуп отурат.

Ар-намысты жана ишкерлик абройду коргоо тууралуу иштер боюнча дароо үч басылма жоопкер болгону турат.

Башкы прокуратура президент Алмазбек Атамбаевдин ар-намысын коргоо боюнча «Заноза» жана «Азаттык» интернет-басылмаларына каршы эки доо арыз берди. 24.kg маалымат агенттиги президентти жактаган социал-демократиялык партиянын ишкерлик аброюн коргоо тууралуу доо боюнча жоопкер болот.

Атамбаев өзү Михайлов чыгарылып кеткен күндүн эртеси журналисттерди президенттик шайлоо алдында өлкөдөгү кырдаалды курчутуп жатышат деп айыптап, аларды «эркиндик үчүн калп эле күрөшүмүш болгондор» деп атаган.


ТЕМА БОЮНЧА: