Депутат Аида Салянова УКМКда экинчи ирет сурак берди

«Ата Мекен» партиясынын оппозициячыл депутаты Аида Салянова экинчи ирет Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте сурак берип чыкты. Ал юрист Алексей Елисеевге адвокаттык лицензияны мыйзамсыз берүү боюнча иште айыпталуучу катары өтүп жатат.

Депутаттын адвокаты Улан Жумаков Kloop.kg менен болгон маекте Салянова суракта үч саатча болгонун билдирди.

«Биз маалыматты ачыкка чыгарбайбыз деп кол коюп бергендиктен сурак тууралуу айтып бере албайбыз. Ал Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узартуу боюнча суракка алынды», — деди ал.

Бул жолу анын тарапкерлери аны колдоп митингге чыгышкан жок, анткени ал сурак тууралуу эч кимге айткан эмес. Саляновага чакыруу кагазы сурактын алдында келген.

Аида Салянова адвокаттык лицензияны «мыйзамсыз берүү» боюнча УКМКда сурак берди

Салянованын буга чейинки сурагы 1-февралда болуп, төрт сааттан ашык уланган. Ал учурда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин имаратынын жанында жүздөй киши митинг өткөрүп турушкан.

Салянова юстиция министри болуп турганда Максим Бакиевдин мурдагы адвокаты Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узартып берген деп айыпталууда. Салянова өзү ага каршы козголгон кылмыш ишинде кылмыш курамы жок деп эсептейт.

Оппозициянын тарапкерлери Саляновага каршы ишти саясий кысым деп эсептешет, анткени ал президент Алмазбек Атамбаевди анын конституциялык реформасынан улам сындап келген. Конституцияга түзөтүүлөрдү киргизүү боюнча референдум 2016-жылдын 11-декабрында өткөн.

Саляновадан тышкары, бийлик «Ата Мекендин» дагы эки депутаты — Алмамбет Шыкмаматов менен Өмүрбек Текебаевге каршы да кылмыш ишин козгоду.

Шыкмаматов «Коррупция» жана «Кызматтык бурмалоо» боюнча айыпталып жатат. Бийлик ал Эсептөө палатасынын аудитору болуп турганда автоунааларды сатып алуу боюнча «жасалма» документтерди түзгөн деп эсептейт.

Текебаев «Коррупция» жана «Алдамчылык» боюнча ишке байланыштуу эки айга камакка алынган. Ал УКМКнын тергөө изоляторунда отурат.


ТЕМА БОЮНЧА: