Башкы прокуратура Текебаевдин, Шыкмаматовдун жана Салянованын туугандары салык төлөгөнүн текшерип жатат

Башкы прокуратура Мамлекеттик салык кызматына сурам жөнөтүп, оппозициячылар Өмүрбек Текебаевдин, Алмамбет Шыкмаматовдун жана Аида Салянованын туугандарынын 2005-2007-жылдарда төлөгөн салыктарын текшерүүгө алган.

«Азаттык» үналгысы кабарлагандай, оппозициячы Өмүрбек Текебаев Башкы прокуратуранын катынын көчүрмөсүн көрсөткөн.

Катта жазылгандай, Башкы прокуратура «Ата Мекен» партиясынын депутаттары фигурант катары өтүп жаткан иштин негизинде маалыматтарды сурап кайрылган.

Салык кызматынын текшерүүсүнө депутаттардын ата-энеси, бир туугандары, балдары жана жубайлары, баары биригип 26 адам туш болгон.

Чоңдордон тышкары тизмеде Текебаевдин 2002 жана 2008-жылы төрөлгөн жашы жете элек балдары да көрсөтүлгөн.

«Мекемелер аралык комиссия өз ыйгарым укугунан чыгып, башка маселелерге өтүүдө. Сексендеги апам менен сегиздеги кызыма чейин салык отчётторун сураптыр. Мен баарын бергенге даярмын. Өзүмө кошуп Атамбаев, Жолдубаева, Исаков, Сегизбаев жана башкалардын ушундай отчёт беришин талап кылам», — деген Текебаев «Азаттыкка» курган маегинде.

Текебаевдин ою боюнча, Башкы прокуратуранын текшерүүсү — оппозицияга басым көрсөтүү аракети.

Оппозициячылардын туугандарын текшерүүгө алуу Белизде катталган Southfield Management Inc. ишканасынын акцияларын өткөрүп берүү боюнча трастты негиздөө жөнүндөгү материалдар менен байланыштуу. Бул иш коомчулукта «Белизгейт» катары белгилүү.

Сүрөт: Кыргызстандын президентинин сайты.

Улутуук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Абдил Сегизбаев 2016-жылдын ноябрь айында президент Алмазбек Атамбаевге Белиздеги расмий органдардын трасттык документтерин (апостиль) көрсөткөн.

Ал документтерде улутташтырыла элек «Мегаком» компаниясын 2012-жылы сатууга кызыкчылыгы бар экенин көрсөткөн маалыматтар орун алып, парламенттеги «Ата Мекен» фракциясынын үч депутаты Өмүрбек Текебаевдин, Алмамбет Шыкмаматовдун жана Аида Салянованын аты аталган.


ТЕМА БОЮНЧА: