Атамбаев журналисттерге каршы: Башкы прокуратура «Занозага» каршы үчүнчү доо арыз берди

Башкы прокуратура президент Алмазбек Атамбаевдин моралдык чыгымынын компенсациясы катары «Заноза» басылмасынын тең түзүүчүсү Нарынбек Идиновдон жана редакциянын өзүнөн жалпысынан алты миллион сом өндүрүп берүүнү талап кылып жатат. Доого президенттин кайрымдуулук ишмердүүлүгү тууралуу Идиновдун 2015-жылы чыккан материалы себеп болду.

«Заноза» басылмасынан жана анын тең түзүүчүсү Нарынбек Идиновдон (Нарын Айып) Башкы прокуратура президенттин ар-намысына шек келтирүү үчүн үч миллион сомдон өндүрүп берүүнү суранды. Сот териштирүү аяктагыча Идиновдун мүлкүн — анын батирин — камакка алды.

13-марттагы доо арызды Октябрь райондук сотуна башкы прокурор Индира Жолдубаева берди. Буга Идиновдун «Занозанын» сайтында 2015-жылдын 22-октябрында чыккан макаласы себеп болгон.

Макала «Президент берген миллиондор: чындыгында банкет кимдин эсебинен?» деп аталат. Анда президенттин кайрымдуулук иштери: көзү өтүп кеткен маданият ишмерлеринин үй-бүлөлөрүнө, аймактык театрларга жана социалдык мекемелерге ал качан канча акча бергени тууралуу кеп болот.

«Мисалы, кайсы бир коомдук ишмер өтүп кетсе президент ага 100 миң сом берет. Негизи ал миллиондоп берген, макала ошол тууралуу болгон. Ал жерде "бул иш менен эмне үчүн Маданият министрлиги же Социалдык өнүктүрүү министрлиги эмес, президент алек болуп жатат? Президентте мынча акча кайдан?" деп суроо берилген», — деп түшүндүрдү Kloop.kg менен болгон маекте Идинов.

Идиновдун айтымында, ал доонун натыйжасы кандай болоорун айта албайт.

«Бирок, президенттин кеңешчиси [Фарид Ниязов] берген интервьюларга жана президент өзү 15-мартта жасаган билдирүүгө караганда, алардын сүйлөгөн сөзүн сотторго бул иш боюнча берилген көрсөтмө катары бааласа болот», — деди ал.

Ал акчанын баары эки фонддон, Президенттин резервдик фондунан жана Социалдык коргоо жана колдоо боюнча президенттик фонддон бөлүнгөн.

Доо арызда Идиновдун макаласы — «президент кылмыш кылып, акча уурдаганы тууралуу ойго түртө турган, текшерилбеген маалыматты таратуунун мисалы» экени айтылат.

«Ойлордун түрдүүлүгүн жана пикир айтуу эркиндигин айрым адамдар ээн баштык деп түшүнүшөт. Жарандык милдетин аткарууну же укуктарды, же болбосо мыйзам коргогон кызыкчылыктарды жактоого ниеттенбей эле жалаң башка адамга зыян келтирип, ал аркылуу өз дымагын канааттандырыш үчүн бул адамдар мамлекет башчысынын ар-намысына тийишип, аны жаманатты кылган, чындыкка туура келбес маалыматтарды таратышууда», — деп жазылат доо арызда.

Соттук отурум 25-мартта Октябрь райондук сотунда өтөт.

Басылмага каршы доо арыздар

Буга чейин Башкы прокуратура президенттин ар-намысына шек келтирүүгө байланштуу «Заноза» басылмасына каршы дагы эки доо арыз берген.

Биринчи доо арызга Өмүрбек Текебаев менен мурдагы президент Курманбек Бакиев Кипрде жолугушкан имиш деген Түркиянын «Haberler» басылмасынын котормосу себеп болгон. Басылма Текебаевден да комментарий алып, ал Бакиев менен жолугушканын четке каккан. Башкы прокуратура басылманы «текшерилбеген маалыматты бир тараптуу чагылдырды» деп айыптаган.

Экинчи доо арызга оппозициячыл «Ата Мекен» партиясынын юристтеринин басма сөз жыйынында айтылган маалыматты чыгаруу себеп болгон.

Башкы прокуратура басылманы 2017-жылдын 16-январында «Манас» аба майданынын жанында кулап түшкөн «Боинг-747» учагындагы жүк президент Атамбаевге жана анын үй-бүлөсүнө таандык экен деп 1-марттагы басма сөз жыйынында айтышкан «Ата Мекендин» юристтеринин билдирүүсүн чыгарганы үчүн айыптаган.

Айыптоо бул эки доо боюнча басылмадан президенттин моралдык чыгымынын компенсациясы катары 3 миллион сом өндүрүп берүүнү суранган.

«Заноза» президент менен соттошкон жалгыз басылма эмес. Ошондой эле доомат менен прокуратура «Азаттыкка» каршы да арыз берген.

Басылмалар доолорго негиз жок деп эсептешет, анткени алар маалымат булактарынын айтканын сөзмө-сөз беришкен.

«Журналисттер "Ата Мекендин" юристтеринин 1-мартта айткан сөзүн, же Текебаев Кипрден келгендеги пикирин чагылдырып жатканда, биз алардын айтканын айткандай гана бергенбиз. Бийлик жооп бергенде журналисттер бийликтин айтканын да жазышты», — деди Идинов.

Басылмага карата Атамбаевдин сын пикири

Президент Алмазбек Атамбаев 15-мартта беш өлкөнүн элчилерине ишеним грамоталарын тапшырып жатып басылманын өзүн жана анын тең түзүүчүсү Идиновду сынга алган. Ал чыныгы журналисттер маалыматты чыгараар алдында текшериши керек экенин айткан.

Ал Идиновду «чирик» журналист деп, аны өлкөнү шылдыңдап жаткан киши катары айыптады.

«Айрым сасык саясатчылар, журналист сөрөйлөр — Замира Сыдыкова, Бегалы Наргозуев, Нарынбек Идинов — сөз эркиндигин коргойбуз, кыргыз журналисттерин коргойбуз деп, чуу салып, атайын уюм түзүп, өлкөбүздү бүт дүйнөгө мазактап жатышат. Булар өздөрү ким?» — деди президент.

Атамбаев «Заноза» анын ишмердигин «жана жалпы өлкөнү бир нече жылдан бери жаманатты кылып келаткан» басылма экенин билдирди.

«“Заноза” да чет өлкөлүк берешен демөөрчүлөрүнөн такай гранттарды алып турат. Ошон үчүн аларды коргогондор доо арыздын акчасы өтө эле ашып кетти деп калп эле ыйлактабай эле коюшсун», — деди президент.


ТЕМА БОЮНЧА: