Атамбаев: «Айрым ЖМКлар жалаа жаап жатышат. Жалаакорлор жоопкерчиликке тартылышы керек»

Президент Алмазбек Атамбаев беш өлкөнүн элчиси менен болгон жолугушууда Кыргызстандын айрым ЖМКларында жалаа жабуу бар экенин билдирди. Ал жалаакорлорду «моралдык майыптар» деп, алар өлкөдөгү абалдын туруктуулугун бузууга ниеттенип жатышканын айтты. Атамбаев жалаакорлор өз аракеттери үчүн жок дегенде каржылык жоопкерчиликке тартылышы керек деп эсептейт.

Атамбаев беш өлкөнүн элчисине ишеним грамоталарын тапшыруу салтанатында Кыргызстан Азия мамлекеттеринин ичинен сөз эркиндиги боюнча алдыңкы орундарда тураарын билдирди.

Анын айтымында, 2010-жылдагы революциядан кийин Кыргызстан эркин өлкөгө айланды, бирок айрым ЖМКларда азыр «жалаа жабуу жүрүп жатат». Президент жалаакорлор өз аракеттери үчүн жоопкерчиликке тартылышы керек экенин айтты.

«Мен жалаа үчүн кылмыш жоопкерчилиги киргизилишине каршымын, бирок жалаакорлор да кандайдыр жоопкерчилик тартышы керек. Жок дегенде каржылык жоопкерчилик тартсын, анткени алардын моралдык жоопкерчилигине үмүт артууга мүмкүн эмес. Жалаакорлор — бул моралдык майыптар, биздин пайгамбарыбыз Мухаммед аларды туугандарынын өлүгүн жеп жаткан киши жегичтерге салыштырган», — деди президент.

Атамбаев журналисттерди президенттик шайлоо алдында кырдаалды курчутууга аракет кылып жатат деп айыптады

Атамбаев «мамлекет башчысын ар дайым максаттуу жаманатты кылуунун артында» 19-ноябрдагы президенттик шайлоонун алдында кырдаалдын туруктуулугун бузуу аракеттери турат деп эсептейт.

Ал салтанатка катышкан элчилерге кайрылып, Кыргызстандын жаңылыктары менен таанышыш үчүн ЖМКларды жакшылап тандоону өтүндү.

Атамбаев журналисттерге да кайрылып, өлкөдөгү окуялар тууралуу калыс жана чын маалыматтарды жазууну өтүндү. Ал муну ЖМК тууралуу мыйзам талап кылаарын алардын эсине салды.

«Чыныгы журналист ушакчы менен жалаакордон так ушунусу менен айырмаланат», — деди ал.

Атамбаев Башкы прокуратура эки ЖМКга каршы анын ар-намысын коргоо боюнча доо арыз бергенин билдирди.

«АКШ Конгресси тарабынан каржыланган “Азаттыкка”, жана чет элдик берешен демөөрчүлөрүнөн такай грант алып турган “Занозага” каршы», — деди ал.

«Азаттык үналгысынын» вице-президенти жана башкы редактору Ненад Пейждин пикиринде, президент тууралуу бардык билдирүүлөр коомдук жайларда жасалган жана алар аны сөзмө-сөз жарыялаган.

«Эки учурда тең биз коомдук жыйындарда жасалган айыптоо фактыларын кабарлаганбыз. Дароо ал фактылар боюнча кыргыз президентинин администрациясына кайрылып, алар комментарий берээр замат жарыялап турдук. Өз атыбыздан эч кимди айыптаган жокпуз», — деген ал.

Юристтер: Атамбаев «Заноза» менен «Азаттыктагы» макалалардан кандай зыян тартканын Башкы прокуратура түшүндүрө алган жок

Өзүнүн билдирүүсүндө, аталган редакция Кыргызстандын Массалык маалымат каражаттары тууралуу мыйзамынын 6-бөлүмүнүн 26-беренесин келтирет. Ага ылайык, «маалымат каражаттары коомдук жыйындарда жасалган билдирүүлөрдү сөзмө-сөз жарыялаганы үчүн жоопко тартыла албайт».

«Заноза» басылмасынын башкы редактору Дина Маслованын айтымында, президенттин айланасындагылардан кимдир бирөө доо арыз жаздыруу менен аны жаман жолго буруп атат.

«Маалыматтык-административдин согуштан президенттин аброю көтөрүлүп кетпейт, ал эми медиа-ресурстарынын рейтинги мындай учурларда дайым жогорулайт», — деген ал.

Буга чейин, 11-мартта Атамбаев президенттик шайлоо алдында журналисттер Кыргызстандагы кырдаалдын туруктуулугун бузууга аракет кылып жатышканын айткан.

Анын кайрылуусунда «бир ууч журналист, ЖМК жана саясатчы сөрөйлөр» президентке жана өзүнө жакпаган кишилерге «жалаа жаап, көө жабуу» укугун талап кылып жатышканы айтылган.

Президент «калптын, жалаанын жана жаманатты кылуунун өнөктүгү» Кыргызстандын Конституциясына түзөтүүлөр сунуш кылынган 2016-жылдын жайынан тартып башталды деп эсептейт.

Кайрылууда тиешелүү органдар мыйзам баарына бирдей экенин «эркиндик үчүн күрөшүмүш болгондордун» эсине салышы зарыл экени айтылган.


ТЕМА БОЮНЧА: