Мурдагы депутат Садыр Жапаров президенттик кызматка ат салышмакчы

Парламенттин V чакырылышынын мурдагы депутаты Садыр Жапаров өлкө президентинин кызматына өз талапкерлигин коёрун жарыялады. Азыр ал Казакстанда жүрөт, Кыргызстанга 25-мартта УКМКга көрсөтмө бериш үчүн келет.

Садыр Жапаров Казакстанда төрт жыл жашаган. Kloop.kg менен болгон маекте саясатчы анын талапкерлигин өлкөнүн бардык аймактарындагы кыргызстандыктардын жаш мууну колдой турганын айтты.

«Мен өз күчүмө ишенем. Мен коомдук түйүндөр аркылуу бардык аймактар менен байланышып турам, акыркы жети жылда мен өлкөнүн бардык аймактарында иштеген зор команда түздүм, анын негизин жаштар түзөт», — деди ал.

Жапаров Кыргызстанга 25-мартта кайтууну көздөп жатат. Адегенде ал өз тарапкерлери Бишкектеги Горький багында уюштурган митингге катышууга ниети бар. Андан кийин көрсөтмө бериш үчүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке жөнөйт.

Анын айтымында, ал УКМКга эмнеге суракка чакырылганын билбейт, бирок ага каршы кылмыш иши козголбогонуна жана аны кармай алышпай тургандыгына ишенет.

«Мени кайсы бир иш боюнча күбө катары чакырышкан. Менин маалыматым боюнча алар жасалма кылмыш ишин ачууга даярданып жатышат», — деди ал.

Садыр Жапаров — бийликти күч менен басып алууга аракет кылды деп 2013-жылы айыпталган үч оппозиячыл саясатчынын бири.

Ал Камчыбек Ташиев жана Талант Мамытов менен кошо «Кумтөр» алтын кенин мамлекетке өткөрүүнү талап кылып митинг өткөрүшкөндө үчөө тең мандаттарынан ажыратылган.

Мурдагы депутаттар Ташиев, Жапаров жана Мамытов 2012-жылы.

2012-жылдын октябрында Жапаров катышкан митингде парламент депутаты Камчыбек Ташиев жана дагы 10 киши парламент имаратынын кашаасынан ашып өтүүгө аракет кылышкан.

Депутаттар өкүмдү саясий өкүм деп аташкан, алардын адвокаттары болсо бул өкүм оппозициянын негизги үч ишмерин депутаттык мандаттан ажыратыш үчүн эле чыгарылган деп эсептешет.

Кыргызстандын президентинин кызматы үчүн дагы бир нече саясатчы — мурдагы премьер-министр Темир Сариев, оппозициячы Өмүрбек Текебаев, «Республика — Ата-Журт» фракциясынын башчысы Өмүрбек Бабанов, «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын башчысы Бакыт Төрөбаев ат салышаарын билдиришкен. Азыркы президент Алмазбек Атамбаев мураскери жок экенин айткан.


ТЕМА БОЮНЧА: