Сөз эркиндиги үчүн жүрүш: Оппозиция жүрүштүн катышуучуларын камакка алууну «чагым» деп атоодо, милиция ага макул эмес

Бишкектин милициясы сөз эркиндиги үчүн жүрүштө кармалган беш киши «жолду жаап салууга аракет кылганда» мыйзам бузган деп билдирди. Жүрүштүн уюштуруучулары ага катышкандардын кармалып, камакка алынышын бийлик тараптан уюшулган «одоно чагым» деп аташты.

Бишкек ШИИБнин басма сөз кызматы жүрүштүн кармалган катышуучулары укук бузуучулар экенин, анткени алар милициянын эскертүүсүнө карабай Бөкөнбаев жана Абдрахманов (мурдагы Совет) көчөлөрүнүн кесилишинде жолду жаап салууга аракет кылышканын билдирди.

«Өздөрүн "саясий укуктар жана сөз эркиндиги үчүн" деп атаган жүрүштүн катышуучуларын кармап, камакка алуу иш-чаранын уюштуруучулары айткандай укук бузууга же аша чапкандыкка эч жатпайт», — деп айтылат билдирүүдө.

Жүрүштүн уюштуруучусу Эдил Байсалов катышуучулардын кармалышын бийликтин «орой чагымы» деп атады.

«Биздин жолубузду Моссоветтеги тротуарда тосуп салышканда аларды колоннанын арасынан жөн турган жерден эле бирден сууруп кетишти […] Бул жеткен зомбулук жана мыйзамсыздык», — деп жазды ал «Фэйсбуктагы» барагында.

Кармалгандар Бишкек ШИИБнин кабылдап-бөлүштүргүчүнө беш суткага камакка алынды.

Камактын «адам чыдагыс» шарттары

Укук коргоочулардын өтүнүчүнөн кийин Кыйноонун алдын алуу боюнча улуттук борбордун өкүлдөрү кармалгандар отурган кабылдап-бөлүштүргүчкө барып келишти. Алардын айтымында, камактагылардын шарттары өтө начар.

https://www.facebook.com/adil.turdukulov/posts/1818378868416693

16 камеранын ичинен алтоо гана колдонулат. Кабылдап-бөлүштүргүч жакшылап оңдоого муктаж. Айрым камераларда 20дан же андан ашык киши отурат, шейшеп, жууркан тыш жок, санитардык эрежелер сакталбайт.

Кармоо

18-марттагы сөз эркиндигин колдоо боюнча жүрүштө жети киши кармалган, алар Бөкөнбаев жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде трассага чыгууга аракет кылган делип жатат.

«Коомдук тартипти бузгандыгы» үчүн кармалгандардын арасында депутат Каныбек Иманалиев, ВВС үналгысынын журналисти Абдыбек Казиев, активисттер Мавлян Аскарбеков, Айбек Мырза, Азамат Аттокуров, Расул Умбеталиев жана Мухитдин Алымсеитов болгон.

Иманалиев менен  Казиев «кылмыш курамынын жоктугунан улам» дээрлик дароо эле коё берилди.

Калгандары Свердлов районунун ИИБне жеткирилип, аларга административдик укук бузуу — «Жолдорду мыйзамсыз жабуу», «Милиция кызматкеринин мыйзамдуу буйругуна же талабына баш ийбей коюу», «Майда ээн баштык» боюнча протоколдор түзүлдү. Мындан тышкары, кармалгандар жол эрежесин бузду деп да айыпталды.

Свердлов райондук соту кармалгандарды беш суткага камакка алуу жөнүндө чечим чыгарды.

Жүрүштүн уюштуруучулары жана кармалгандардын адвокаттары 19-мартта бул чечимге каршы даттанууга аракет кылышты. Бирок расмий түрдө жарыяланган дем алыш күндөрүнөн улам апелляциялык арыз Бишкек шаардык сотунда каралган жок. Адвокаттар 22-мартта соттун чечимине каршы даттанганы жатышат.

Эркиндик жүрүшүнүн катышуучулары президент Алмазбек Атамбаевдин ар-намысын коргош үчүн сотко берилген үч кыргыз ЖМКсы — «Азаттык», «Заноза» жана 24.kg менен тилектештигин билдиришкен.

Алар Түштүк дарбазадагы Жеңиш багынан Уркуя Салиеванын эстелигине чейин жөө басып келишкен. Жүрүшкө көрүнүктүү коомдук ишмерлер, саясатчылар, журналисттер, жарандык активисттер жана жөн гана тилектештигин билдирген кыргызстандыктар катышкан.

Сүрөт: Данил Усманов


ТЕМА БОЮНЧА: