АКШ менен Улуу Британия учактын салонуна электрондук түзмөк алып кирүүгө чектөө киргизишти

Жакынкы Чыгыш менен Түндүк Африканын бир катар өлкөлөрүнөн келген жүргүнчүлөр АКШ менен Улуу Британияга учуп бараткан болсо өз электрондук түзмөктөрүн багаж бөлүмүнө өткөрүшкө мажбур болушат. Жүргүнчү салонуна телефон алып өтүүгө гана уруксат берилет.

АКШ менен Улуу Британияда Жакынкы Чыгыш менен Түндүк Африканын айрым өлкөлөрүнөн келген жүргүнчүлөргө учактын салонуна электроника алып өтүүгө чектөө киргизилди. Эми алар ноутбуктарын, планшеттерин жана фотоаппараттарын багажга тапшырышы керек.

Эки өлкөнүн тең администрациясы бул чектөөнү коопсуздукту камсыз кылуу менен түшүндүрдү. Жүргүнчүлөр салонго смартфондорду гана алып өтө алышат.

Чектөө 21-мартта күчүнө кирди. АКШда бул чектөөлөр сегиз өлкөдөн — Иорданиядан, Мисирден, Түркиядан, Сауд Аравиясынан, Кувейттен, Мароккодон, Катардан жана Бирикке Араб Эмираттарынан каттаган рейстерге карата киргизилди.

Улуу Британия учактын салонуна электрондук түзмөктөрдү алып кирүүгө алты өлкөнүн — Иорданиянын, Мисирдин, Түркиянын, Сауд Аравиясынын, Ливандын жана Тунистин жүргүнчүлөрүнө тыюу салды.

АКШнын администрациясы чектөөгө бул өлкөлөрдөн барган террорчулар жарандык учактарды жардырууну пландап жатышканы тууралуу маалымат себеп болгонун билдирди.

Трамптын администрациясы чектөөлөр президенттин мигранттарга каршы саясий жана укуктук күрөшүнө тиешеси жок экенин кошумчалады.

Мурда Трамп негизинен мусулман калкы жашаган жети өлкөнүн жарандарына АКШга кирүүгө тыюу салууга аракет кылган. Бирок федералдык АКШ соту бул тыюуларды токтотуп койгон.

Канаданын бийлиги да учактын жүргүнчү бөлүмүнө электроника алып өтүүгө ушундай чектөө киргизүүнү ойлонуштуруп жатканын билдирди.

Канаданын транспорт министлигинин башчысы Марк Гарнонун айтымында, АКШнын атайын кызматтары бул өлкөгө электрондук гаджеттерге байланышкан болжолдуу коркунуч тууралуу маалымат берген.

«Strategic Aero Research» авиациялык кеңеш берүү компаниясынын эксперти Сай Ахмад учактын салонуна электроника алып өтүүгө чектөө киргизүү жүргүнчүлөрдүн кечишигине жана түшүнбөстүгүнө алып келиши мүмкүн деп эсептейт.

Сүрөт: Flickr, Derek K. Miller


ТЕМА БОЮНЧА: