Александр Кимдин иши боюнча тергөө апрелдин аягына чейин созулат

«Вечерний Бишкектин» мурдагы ээси Александр Ким Каржы полициясында 28-мартта экинчи ирет суракка алынды. Ким 2015-жылы «Вечерний Бишкек» басылмасынан мыйзамсыз дивиденд алган деп шек саналууда. Тергөө апрелдин аягына чейин узартылды.

«Вечерний Бишкектин» мурдагы ээси Александр Ким 28-мартта Каржы полициясында беш сааттан ашык сурак берип отурду. Кимдин адвокаты Сергей Воронцов тергөөнүн мөөнөтү апрелдин аягына чейин узартылганын кабарлады.

Воронцовдун айтымында, Каржы полициясынын тергөөчүлөрү аны «Рубикон» компаниясынын ээси Александр Рябушкин менен беттештирүүнү сунуш кылышкан. Бирок Ким андан баш тартып, Рябушкиндин көрсөтмөлөрүн көрсөтүүнү талап кылды.

Адвокаттын айтымында, алар тергөөчүлөргө 2000-жылдан 2015-жылга чейинки 42 документ көрсөтүшкөн.

«Ар бир документ боюнча түшүндүрмө бердик. Андан соң бизге 31-мартка кийинкиге сурак дайындашты. Ал жерде беттештирүү болот деп күтүп жатабыз», — деди ал.

Ким тергөө бүткүчө эч кайда кетпей тургандыгы жөнүндө тил кат жазып берген.

Каржы полициясы аны «Вечерний Бишкек» басылмасынан 2015-жылы дивиденддерди мыйзамсыз чыгарып кеткен деп шек санайт.

Ким өзү Kloop.kg менен болгон маекте ага каршы козголгон кылмыш ишине негиз жок экенин билдирген. Анын айтымында, ал 2015-жылы басылмадан дивиденд алууга укугу бар болчу, анын муну далилдей турган документтери бар.

Каржы полициясынын кызматкерлери Кимдин үйүнө 17-мартта келип, ал эч жакка кетпестиги тууралуу тил катты бузду жана издөөдө жүрөт деген шылтоо менен аны кармап кеткенге аракет кылышкан.

Аны Каржы полициясынын кызматкерлери кармап кете алышкан эмес, анткени анын үйүнө юристтер, журналисттер, укук коргоочу Динара Ошурахунова, «Ата Мекендин» депутаты Наталья Никитенко жана мурдагы депутат Асия Сасыкбаева жетип барышкан.

Ошол эле күнү Александр Кимдин үйүнө ЭКККМК тергөөчүсү Арзыбек Жакишев барган. Ким аны менен кошо Каржы полициясына барып сурак берүүгө макул болгон.

«Вечерний Бишкектин» тегерегиндеги иш

Александр Ким 2015-жылдын 1-сентябрына чейин «Вечерний Бишкек» басылмасына ээлик кылган. Акциялардын өзүнө таандык бөлүгүн кайтарып алгысы келген басылманын тең кожоюну Александр Рябушкиндин билдирүүсүнөн кийин 2014-жылдын күзүндө соттук териштирүү башталган.

Рябушкин компаниянын бир бөлүгүн 2000-жылы мурдагы президент Акаевдин күйөө баласы Адил Тойгонбаев сатып алгандан кийин, «Вечерний Бишкекке» ээлик кылып турган «Рубикондогу» акцияларынын жарымынан кол жууп калган.

Рябушкин бүтүм кысым астында түзүлгөнүн билдирип, өзүнө «Рубикондун» акцияларынын 50 пайызын жана басылма иштеген 15 жыл үчүн компенсация иретинде 15 миллион доллар өндүрүп берүүнү суранган.

Соттун чечими менен Александр Рябушкин Кимге таандык болгон акциялардын 50 пайызын алган. Ошондон кийин «Вечерний Бишкекте» директорлор кеңешинин курамы алмашкан. Ким мындай чечимдин артында бийлик тураарын билдирген.


ТЕМА БОЮНЧА: