Акыйкатчы институтунун кароосуз калган автоунаасы тротуардан алынды

Акыйкатчы институтунун бир жылча тротуарда турган «Тойота Лэнд Крузер» автоунаасы атайын токтотмого жеткирилди. Бул жол тандабас жана мекеме пайдаланбаган башка автоунаалар Мамлекеттик мүлк фондуна өткөрүлөт.

Акыйкатчы Кубат Оторбаевдин айтымында, Акыйкатчы институту үчүн демөөрчүлөрдүн акчасына сатып алынган автоунаалардын «мөөнөтү бүттү» жана алар эсептен чыгарылууга тийиш. Ал бул автоунаалар акыркы бир нече жыл бою пайдаланылбай келгенин жана оңдоого муктаж экенин айтты.

«Бул автоунааларды оңдотуш үчүн мамбюджетте каражат каралган эмес, буларды оңдотуу болсо өтө кымбат турат. Биз буларды оңдотуу өзүн актабай турганын түшүнүп турабыз, андыктан мамлекеттин каражатын натыйжасыз коротпош үчүн биз аны жасаткан жокпуз», — деди ал.

Азыр автоунаалар атайын токтотмого жеткирилди. Мындан ары бул автоунаалар менен Мамлекеттик мүлк фонду алектенет.

Кароосуз калган автоунаа Акыйкатчы институтунун жанындагы тротуарда бир жылча турган.

Мекеме кызматкерлеринин айтымында, ал 2013-жылы «демөөрчүлүк акчага» сатылып алынган, аны мурда ошол кездеги Акыйкатчы Турсунбек Акун минип жүргөн.

Кайгуул милициясы журналисттердин кайрылуусунан кийин автоунааны атайын токтотмого жеткириш үчүн анын кимге таандык экенин иликтей баштаган.


ТЕМА БОЮНЧА: