Бишкек: Жер астындагы өткөөлдөр оңдолгон соң күркөлөр азаят

Бишкек мэриясы «Айчүрөк» дүкөнү менен Филармониянын жанында жер астындагы өткөөлдөр оңдолгон соң соода күркөлөрү азая турганын билдирди. Жер астындагы өткөөлдөрдүн соодагерлери 15-апрелден тартып эки айга иш ордунан кетүүгө аргасыз болгонуна нааразы.

Бишкектин муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Султан Өмүров оңдоо иштеринен кийин жер астындагы өткөөлдөрдө соода кылууга уруксат берилээрин, бирок күркөлөр азайтылаарын айтты.

Мэриянын маалыматы боюнча, азыр «Айчүрөк» дүкөнү менен Филармониянын жанында жер астындагы өткөөлдөрдө 160 соода күркөсү иштейт.

«Биз бардык түйүндөрдү жаап, соодага тыюу салып кое албайбыз. Бул эки өткөөлдүн соодагерлерине башка жер берген жокпуз, анткени эки өткөөлдө гана суроо-талап бар. Калгандары жол катары эле колдонулат», — деди Өмүров.

Анын айтымында, мэрия соодагерлерге канча соода ордун кантай шартта берээри азырынча белгисиз.

Мэриянын капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысынын орун басары Койчугул Ибраимов жер астындагы өткөөлдөр коопсуздуктан улам соодага ылайыкташпаганын айтты. Анын айтымында, алар жөө кишилердин өтүшү үчүн гана пайдаланылышы керек.

Жер астындагы өткөөлдөрдүн соодагерлери мэрия аларды 15-апрелге чейин ордун бошотууну өтүнүп, ордуна башка жай бербей жатканына нааразы. Оңдоо иштери эки айга созулат.

Соода кызматкерлеринин кесиптик кошуунунун борбордук комитетинин төрагасынын орун басары Ирина Лихограй ишкерлер нааразылык акциясына чыгууга даяр экенин, анткени алар үй-бүлөсүн багышы керек экендигин айтты.

«Бул кишилер 25 жыл бою жер астындагы өткөөлдөрдө иштеп келатышат. Алар электр жок кезде чырактын жарыгы менен иштесе да керектүү нерсенин баарын орнотуп алышкан. Ушуга чейин бир да бийлик өкүлү соодагерлерди сүйлөшүүгө чакырган жок. Аларды адистердин деңгээлинде гана эскертип тим болушту, ал тургай орой мамиле кылышты», — деди ал.

Жер астындагы өткөөлдөрдү кайрадан жасап чыгыш үчүн 70 миллион сомго жакын акча жумшалат. Алардын электр менен камсыз кылуучу жабдуусу, шыбы, дубалдары жаңыртылып, заманбап пандустар орнотулат. Кайра куруу иштери 31-августка чейин бүтүүгө тийиш.


ТЕМА БОЮНЧА: