Мурдагы депутат Садыр Жапаров «үй-бүлөсүнө» көрсөтүлгөн басымдан улам ТИЗО-1де кан тамырын кесүүгө аракет кылган. Ага 47-түзөтүү колониясында операция жасалып, анын абалы канааттандыраарлык.
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) байкоочу кеңешинин мүчөсү Чолпон Өмүрканова Жапаровго операция жасалгандан кийин барып, аны менен сүйлөшүп чыккан.
Өмүрканова Kloop.kgге курган маегинде Жапаров 2-апрель күнү эртең менен кан тамырын кесүүгө аракет кылганын айтты. Анын айтымында, Жапаров эс учун жоготуп, андан кийин аны менен чогуу абакта отургандар ТИЗОнун кызматкерлерин жардамга чакырышкан.
«Азыркы болуп жаткан абалга, уулдары менен туугандарынын токмоктолушуна карата бул анын көрсөткөн каршылыгы. Мен ага жан кыйган менен көйгөйдү чечкенге болбой турганын түшүндүрдүм», — деди Өмүрканова.
ЖАМКтын басма сөз борборунун жетекчиси Александр Никсдорф Kloop.kgге кабарлагандай, Жапаров өзүн-өзү азык-түлүк бычагы менен кескен, мындай бычактарды абакта колдонууга уруксат берилет.
«Жакшы болоору менен аны кайрадан алып келишет. Ал өзүнүн моюну менен сол колун кесип жараат алган», — деди ал.
Саясатчынын адвокаты Аким Токталиевдин ою боюнча Жапаровдун кан тамырын ТИЗОнун кызматкерлери кескен.
«Жапаров кан тамырларын өзү кескен эмес, укук коргоо органдары аны коркутуш үчүн кылышкан. Анын туугандарынын коопсуздугу менен коркутуп, өзүм кылдым деп айтууга мажбурлашкан», — деди ал.
Адвокаттын айтымында, бийлик ушул жол менен Жапаровго басым жасоого аракет кылып жатат.
Жапаровдун тарапташтары бул кырдаалды жөнгө салыш үчүн депутаттык комиссия түзүү боюнча кол топтой башташты.
«Эгер алар [УКМК] бизге анын коопсуздугуна кепилдик бере албаса, анда биз аны үй камагына чыгаруу боюнча баш коргоо чарасын өзгөртүүнү өтүнөбүз», — деди Kloop.kgге курган маегинда Жапаровдун тууганы.
УКМКнын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов кабарлагандай, бүгүн Жапаров боюнча эч кандай маалымат берилбейт.
Жапаровдун Кыргызстанга кайтып келиши
Садыр Жапаров УКМКнын сурагына жооп бериш үчүн Кыргызстанга 25-мартта кайтып келген. Ал кыргыз-казак чек арасынан өткөндөн кийин аны укук сакчылары кармап кетишкен. Тергөө бүткүчө аны ТИЗО-1де калтырышкан.
УКМКнын пикири боюнча, Жапаров «Кумтөрдү» улутташтырыш үчүн өткөрүлгөн Ысык-Көлдөгү митингдерди «каржылаган».
Атайын кызмат ага «Өлтүрүү менен коркутуу», «Туткунга алуу», «Бейбаштык», «Бийлик өкүлүнө күч колдонуу» беренелери боюнча күнөө коюп жатат.
Милиция Садыр Жапаровду колдогондордун митингин кууп таратты
УКМКнын версиясы боюнча, Жапаров 2013-жылы митингчилерге ошол убактагы Ысык-Көл облусунун губернатору Эмилбек Каптагаевди туткунга алууга буйрук берген.
Жапаровдун камалышына нааразы болгон тарапташтары УКМКнын алдында саясатчынын бошотулушун талап кылып митинг өткөрүшкөн.
Митингчилер милициянын тосмосун бир нече жолу бузуп өтүүгө аракет кылганда, тартип сакчылары абага бир нече эскертүүчү ок атышып, андан кийин митингчилерди түтөмө гранаталар менен кууп тараткан.
«Эң активдүү» митингчилерди милиция кармап кеткен, алардын арасында Садыр Жапаровдун бир туугандары жана балдары да болгон.