Милиция Садыр Жапаровду колдогондордун митингин кууп таратты

Милиция мурдагы депутат Садыр Жапаровдун 500дөй тарапташынын митингин кууп таратып, 68 адамды кармады. Жапаровду колдоп митингге чыккандар саясатчынын бошотулушун талап кылып, мамлекетти оппозицияга басым жасоону токтотууга чакырышты. Кыргызстандын бийлиги Жапаровду 2013-жылы Ысык-Көл облусунун губернаторун туткунга алуу боюнча айыптап кыргыз-казак чек арасында кармап кетти.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери Садыр Жапаровду кыргыз-казак чек арасынан өтөөрү менен кармап, УКМКнын имаратына алып келишкен. Ал жерде саясатчынын 500дөй тарапташы чогулуп турган.

Тынч башталган митинг саат 16:00дөн кийин милиция менен тирешүүгө чейин жеткен. Митингчилер Жапаровду белгиленген убакытта сурактан чыгарбаганына нааразы болушкан.

Андан соң агрессивдүү маанайдагы каршылык көрсөткөндөр милициянын тосмосун бузуп өтүп, укук коргоочуларга пластик бөтөлкөлөрдү жана таштарды ыргыта баштаган.

Бул окуядан кийин дароо эле УКМКнын имаратынын сыртында аскердик формадагы адамдар тизиле калышкан. Алар абага бир нече эскертүүчү ок атышып, андан кийин митингчилерди түтөмө гранаталар менен кууп тараткан.

Милиция менен кагылыш болуп жаткан учурда укук коргоо органдары митингчилердин 68ин кармап кеткен. Ички иштер министрлиги аларды «бейбаштык», «мүлккө чыгым келтирүү» жана «милиция кызматкерлерине кол салуу» боюнча айыптаган.

Кармалгандардын бир бөлүгү жабык сот процессине жөнөтүлүп, аларга баш коргоо чарасы чыгарылат.

Жапаровдун дагы болжолдуу алты тарапташы Ош шаарында кармалган. Ош ИИБнин басма сөз катчысы Замир Сыдыков Kloop.kgге курган маегинде айткандай, кармалгандар паркта адамдарды борбордук аянтка чыгууга жана мурдагы депутатты колдоого үндөп жүрүшкөн.

Жапаровдун айыпталышы

УКМКнын пикири боюнча, Жапаров 2013-жылы «Кумтөрдү» улутташтырыш үчүн Ысык-Көлдөгү митингди каржылап, облустун мурдагы губернатору Эмилбек Каптагаевди туткунда кармап турууга буйрук берген.

Бирок Каптагаев өзүнүн «Фэйсбук» барагында билдиргендей, ал Жапаровго каршы арыз жазган эмес жана ага каршы эч кандай дооматы жок.

Жапаровдун тарапташтары, анын ичинде оппозициялык «Ата Мекен» партиясынын өкүлдөрү саясатчынын кармалышын «мыйзамсыз» болду деп эсептешет.

«Азыр Кыргызстанда бийликти сындагандардын баарын камаган саясат болуп жатат. Жапаровду жөн эле күбө катары чакырса болот эле», — деген депутат Асия Сасыкбаева.

Садыр Жапаров — Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты. Бийликти басып алуу боюнча айыпталгандан кийин ал 2013-жылы чет өлкөгө чыгып кеткен.

Мурдагы депутат Садыр Жапаров президенттик кызматка ат салышмакчы

Жапаров, Камчыбек Ташиев жана Талант Мамытовдор 2012-жылдын 3-октябрында «Кумтөр» алтын кенин улутташтырыш үчүн митинг өткөрүшкөндөн кийин алардын депутаттык мандаттарынан ажыратышкан.

Соңку төрт жылдан бери ал Казакстанда жашап келген жана Кыргызстанга кайтып келгенде президенттик кызматка ат салышаарын айткан.

Тексттик трансляция:

Авторлору: Нуржамал Жанибекова, Айдай Эркебаева, Александра Титова, Сезим Каныбекова, Субан Ташбалтаев, Марат Абдыкалыков, Бегимай Исаева, Алина Пак

Видеотрансляция: Тилек Бейшеналиев, Арсений Мамашев, Айбол Кожомуратов

Сүрөт: Даниль Усманов, Александра Титова, Сезим Каныбекова