Муфтият: Биз динге каршы үгүт үчүн жоопкерчиликке тарта албайбыз

Мусулмандар диний башкармалыгы 24.kg маалымат агенттигинин муфтият динге каршы үгүт үчүн жоопко тарта тургандыгы жөнүндө маалыматын жокко чыгарды.

Муфтийдин орун басары Акимжан ажы Эргешевдун айтымында, муфтиятта 4-апрелде өткөн мусулмандардын курултайында кимдир-бирөөнү динге каршы үгүт үчүн жоопко тартуу тууралуу сунуш түшкөн эмес.

«Алардын жазган маалыматы туура эмес. […] Бизде жоопкерчиликке сот гана тарта алат, башка эч ким тарта албайт», — деди ал.

Мурда 24.kg маалымат агенттиги муфтият өз уставына өзгөртүү киргизип, эми динге каршы үгүт үчүн жоопко тарта ала тургандыгы жөнүндө жаңылыкты жарыялаган.

Мусулмандардын курултайында өлкөнүн муфтийи Максат Токтомушев шайланды. Ал бул кызматты экинчи ирет ээлеп отурат.


ТЕМА БОЮНЧА: