УКМК: Петербургдун метросундагы террордук чабуул боюнча шектүү киши Кыргызстанда туулган

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Санкт-Петербургдун метросундагы террордук чабуул боюнча Кыргызстанда туулган киши шектүү катары каралып жатканын билдирди.

УКМКнын басма сөз катчысы Рахат Сулаймановдун айтымында, Орусиянын атайын кызматтары террорго шектүү киши Кыргызстандан барганын аныкташкан.

«Биз аны ырастап жатабыз. Мындан наркы иликтөөнү Орусиянын тергөө органдары жүргүзөт, анткени ал Орусиянын жараны», — деди Сулайманов Kloop.kg менен болгон маекте.

Шектүү киши Кыргызстанда туулган болушу мүмкүн экендигин мурда Санкт-Петербургдагы «Пятый канал» билдирип, анын фотосүрөтүн жарыялаган.

Телеканалдын маалыматы боюнча, террордук чабуул боюнча шектүү кишинин аты-жөнү Жалилов Акбаржон Акрамжанович, ал 1995-жылы туулган.

Метронун «Сенная площадь» жана «Технологический институт-2» станцияларынын ортосундагы жарылуу 3-апрелде жергиликтүү убакыт боюнча болжол менен 14:20да (Бишкек убактысы боюнча 17:20да) болгон.

Жарылуунун күчү тротил эквивалентинде болжол менен 500 граммды түзгөн. Баштапкы маалыматтар боюнча бомба отургучтун түбүнө коюлган.

Акыркы маалыматтарга караганда 11 киши курман болуп, 40тан ашуун адам ар кандай жаракат алды.

Экинчи бомба «Площадь восстания» станциясында табылган. Түзмөк өрт өчүрүүчү шайманга окшоштурулуп жасалган, анын кубаттуулугу тротил эквивалентинде 1 килограммды түзгөн.

Петербургдун тергөө комитети «Террордук чабуул» жана «Жарылуучу заттарды жана жардыруучу түзмөктөрдү даярдоо» беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду, тергөө улантылууда.


ТЕМА БОЮНЧА: