«Freedom House»: Кыргызстан Конституцияга киргизилген түзөтүүлөрдүн айынан авторитардык өлкө болуп калды

Эл аралык «Freedom House» укук коргоо уюму «Өткөөл мезгилдеги өлкөлөр» аттуу жаңы баяндамасын чыгарды. Кыргызстан Конституцияны өзгөртүүнүн айынан жарым авторитардуу өлкөлөрдүн катарынан авторитардык мамлекеттердин катарына  өттү.

Авторитардык өлкөлөрдүн тобуна «Freedom House» уюмунун эксперттери Борбор Азиянын бардык өлкөлөрүн, ошондой эле Орусияны, Беларусту жана Азербайжанды киргизишкен.

Кыргызстан 2011-жылдан бери жарым авторитардык өлкө болуп эсептелип келген жана бул позицияда 2017-жылга чейин турду. Кыргызстандын авторитаризмге кайтышына Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдумдун өтүшү себеп болду.

Уюмдун эксперттери Кыргызстанды ушундай эле Башмыйзамга өзгөртүү киргизилген Армения менен салыштырышты (бул өлкө жарым авторитарлуу мамлекеттердин катарында жалгыз калды).

Президенттер Серж Саргсян менен Алмазбек Атамбаев Конституцияга түзөтүүлөрдү киргизүү алардын өлкөлөрүндө демократиялык принциптерди бекемдей турганын айтып келишкен.

Бирок, эксперттердин пикиринде, бул өзгөрүүлөр эки республикада тең бийликтин күч алышына жана олигархиялык төбөлдөрдүн абалынын бекемделишине алып келүүдө.

Эксперттер Кыргызстан менен Армения азырынча кайсы бир адам же топ үстөмдүк кылышына жол бербей турган саясий плюрализмди сактап турушканын белгилешет.

Бул эки өлкөдө тең мамлекет башчыларынын бийлик мөөнөтү аяктоодо, уюмдун эксперттеринин пикиринде, алар өз бийлигин Конституцияны өзгөртүү аркылуу аракет кылып жатышат.

Баяндамада Атамбаев 2015-жылы өткөрүлгөн парламенттик шайлоодон бир нече ай өткөн соң Конституцияны өзгөртүү маселесин көтөргөнү белгиленет. Бирок андагы коалициялык көпчүлүк президентти колдогон эмес. Эксперттердин пикиринде, Атамбаев убакыт өткөн соң референдумду өткөрүү менен макул болгон алда канча ийкемдүү бирикме түзгөн.

Документте бул эки өлкөдө тең референдумдар кыска мөөнөттө өткөрүлгөнү, коомдо кеңири талкуу болбогону жана жарандар өзгөртүүлөрдү түшүнбөгөнү көрсөтүлөт.

Эксперттердин пикиринде, бийлик опуза менен административдик ресурсту пайдаланып, алар референдумдардын ийгилигин камсыз кылган.

Эксперттер Кыргызстандагы Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөр президенттин бийлигин чектебей эле, премьер-министрдин ыйгарым укуктарын күчөтүп, сот системасына көзөмөлдү бекемдейт деп эсептешет.


ТЕМА БОЮНЧА: