«Класс» үчүн камакка алуу, фэйсбуктагы пост үчүн депортация жана УКМКнын сайтын бузуу. Кыргызстан интернетте «жарым жартылай эркин» өлкө

Freedom House эл аралык укук коргоочу уюму интернет эркиндиги тууралуу жылдык докладын жарыялады. Ага ылайык, Кыргызстан интернетте бир топ либералдуу жана «жарым жартылай эркин». Интернетте жарыяланган материалдар үчүн жоопкерчиликке тартуу болгондуктан «жарым жартылай эркин» деген баа берилген.

Freedom House эл аралык укук коргоочу уюмунун адистеринин пикиринде, 2016-жылы абал начарлаганы менен интернет Кыргызстанда сөз эркиндиги өкүм сүргөн чөйрө бойдон калган.

Аткаминерлерди сындаган материалдары үчүн журналистерди жана катардагы колдонуучуларды сотко берген жана да алар укук коргоо органдарынын назарына түшкөн учурлар көбүрөөк боло баштаган.

Эксперттердин пикиринде, өкмөт саясий активдүү колдонучуларга өтө эле ашыкча көзөмөл жүргүзүп келүүдө.

Кыргызстандын интернеттеги «жарым жартылай эркиндиги» эмнеден байкалат?

Жоопкерчиликке тартуу

Ар түрдүү сайттарда жана коомдук тармактарда өз пикирин билдиргендиги үчүн журналисттерге, активисттерге жана катардагы колдонуучуларга айып пулдар салынып, сотко чакыруулар келүүдө, ал эмес камакка алган учур да болгон. Freedom House уюмунун докладында бир нече мисал келтирилет.

  • Журналистке кысым көрсөтүү
Дайырбек Орунбеков

Журналист Дайырбек Орунбеков 2015-жылы өз макаласында 2010-жылдагы улут аралык араздашуунун чыгышына президент Алмазбек Атамбаев күнөөлү деп жазган. Макала журналистке тиешелүү Maalymat.kg интернет-порталында жарыяланган болчу.

Башкы прокуратура президенттин «кадыр-баркына шек келтиргендиги үчүн» Орунбековду сотко берген. Соттун чечими менен журналист Атамбаевге эки миллион сомду төлөп берүүгө милдеттендирилген. Бирок журналист соттун чечими менен макул болгон эмес, өзүн күнөөлүү деп эсептебесин айтып, президентке бул сумманы төлөп бере албастыгын билдирген.

2016-жылдын январында журналист кайрадан өзү анын кадыр-баркына шек келтиргендиги үчүн президентти сотко берип, бир сом төлөп берүүсүн талап кылган.

2016-жылы жайында Орунбеков редакторлук кылган Maalymat.kg сайты жабылган болчу. Ал эми журналисттин өзүнө соттук чечимди аткарбагандыгы үчүн кылмыш иши козголгон.

  • «Класс» үчүн жаза
Абдулло Нурматов

2016-жылы май айында Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну Абдулло Нурматов «Классташтар» («Одноклассники») коомдук тармагында соттолгон диний ишкер Рашод Камаловдун макаласына «Класс» белгисин койгондугу үчүн камакка алынган.

Кармалгандын адвокатынын билдирүүсү боюнча, Нурматовдун ишин кароодо укук коргоо органдары жана сот тарабынан «мыйзам бузуулар» болгон, «адвокаттык ишмердүүлүккө жолтоо кылышып», «кыйноолорду колдонушкан».

Ал эми Нурматовдун өзүнүн сөзү боюнча, тергөө иштери учурунда атайын кызматтын өкүлдөрү күнөөнү моюнуна алдырыш үчүн аны уруп-сабашкан.

Жыйынтыгында, «экстремисттик маанайдагы материалдарды сактагандыгы жана таркаткандыгы үчүн» аны шарттуу түрдө бир жылга кесишкен.

  • Чучук үчүн депортация
Майкл Макфит

Freedom House уюмунун адистери «Кумтөр» кенинде ширетүүчү болуп иштеген Майкл Макфитке байланыштуу окуяны коомдук тармакта сөз эркиндигин кысымга алуу мисалы катары карашат.

2016-жылдын январында Британиянын жараны фейсбук коомдук тармагында дасторкондун сүрөтүн жарыялап, андагы кыргыз улуттук тамагы чучукту «аттын пениси» деп тамашалаган. Жергиликтүү кызматкерлер «Кумтөрдүн» короосунда иш таштоо уюштурушуп, Макфитти жазалоону талап кылышкан.

Чучукка байланыштуу тамашасы үчүн чет элдик жаран Жети-Өгүз РИИБине камакка алынып, кийинчирээк өлкөдөн чыгарылган. Анын коомдук тармактагы материалы улуттук арзадашууну козутат деп бааланган.

Майкл Макфит өз материалын алып салганга жана кыргыз элинен кечирим сураганга аргасыз болгон. Ошону менен катар, анын сүрөтүндөгү башка адамдарды «бул нерсеге эч кандай тиешеси жок» деп кошумчалаган.

  • Сын үчүн сабоо
Турат Акимов

2016-жылдын февралында «Акча жана бийлик (Деньги и власть)» гезитинин башкы редактору Турат Акимовду үйүнүн жанында сабап кетишкен. ЖМКлар бул окуяны анын өкмөттү сындаган материалдары менен байланыштырышкан.

Акимовго кол салуу фактысы боюнча «Бейбаштык» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Акимовдун сөзү боюнча, аны ал кезде ИИМдин жетекчиси болгон Мелис Турганбаев сабаткан.

«Мелис Токтомамбетович [Турганбаев], мени өлтүрүүгө тапшырма берген адам сиз экениңизге мен 99 пайызга ишенем», — деп кайрылган ал министрге журналисттерге берген пресс-конференция учурунда.

ИИМдин басма сөз кыматы министрге карата айтылган айыптоолорду «жөөлүгөндүк» деп баалашкан.

Кыргызстандагы сайттарды жана блогдорду жабуу

Адистердин пикиринде, Кыргызстанда КМШга кирген башка өлкөлөргө салыштырмалуу экстремисттик маанайдагы сайттар көбүрөк жабылат.

2016-жылдын биринчи жарымында 30 сайт жабылган, алардын мазмуну улуттук жана диний араздашууну козутат деп табылган. Бул, мисалы, «Хизб-ут-Тахрир» радикалдык ислам тобунун материалдарын камтыган сайттар.

Кыргыз өкмөтү азырынча интернетте ЖМКлардын материалдарын жайгаштырууга тоскоолдук жаратышы мүмкүн болгон «өзгөчө экономикалык чектөөлөрдү» киргизе элек.

Буга карабай кыргыз блог чөйрөсү начар өнүккөндүгүн адистер белгилешет. Namba.kg жана Diesel.elcat.kg сыяктуу аз гана сандагы популярдуу блог-хостингдер бар.

Kloop.kg маалыматтык порталынын тарыхында да аны жабуу аракеттери болгон. 2014-жылы сайтты бир нече жумага жабышкан. Ага «Ислам мамлекети» террористик уюумунун лагерлеринде машыгып жаткан казак балдары тууралуу видео материалдын жарыяланышы себепчи болгон.

Kloop.kgден сырткары «Фергана» маалыматтык агенттиги да тосмолонгон.

Кыргызстанга интернет негизинен казак провайдерлери аркылуу келгендиктен Казакстанда жабылган сайттар кээде Кыргызстанда да ачылбай калат. Бир кезде ушундай нерселер «Жандуу журналда» да байкалган, азыр ал жеткиликүү.

2015-жылдын февралында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети сайттарды соттун чечими жок эле жабуу сунушун айткан, бирок жарандык коом бул сунушту катуу сынга алгандан кийин, ал кабыл алынган эмес.

Мамсайттарга киберчабуулдар

Хакерлердин кыргыз сайттарына кибер чабуул жасоолору сейрек эмес. 2016-жылы эки ушундай учур катталган.

Жайында хакерлер Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин (КМК) жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) сайттарын бузушкан.

Хакерлер табылган эмес. КМКнын сайты калыбына келтирилип, ал эми УКМКнын сайты болсо дагы эле иштебей турат.

Кыргызстан 2012-жылдан бери «жарым жартылай эркин» категориясына кирет.

Абалды жакшыртууга калктын интернетке жеткиликтүүлүгүнүн начардыгы себепчи болууда. Шаар менен айыл жергесиндеги айырмачылык чоң бойдон калууда.

Башка өлкөлөрдүн интернеттеги эркиндиги кандай?

Укук коргоочулардын доклады боюнча, Казакстанда интернетке авторитардык өкмөттүн таасири күчтүү.

Интернет сайтар чектелип, ал эми колдонуучулар коомдук тармактардагы пикирлери үчүн жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн.

Жабуу укугу бир канча мамлекеттик органдарга берилген, андан сырткары, «улуттук коопсуздук сертификаты» кабыл алынган. Өкмөттүн билдирүүсүндө «эл аралык терроризм, балдар порнографиясы жана трансулуттук кылмыштуулук менен күрөшүүгө» жардам берген бул программа, адистерди айтымында, бүт сырткы траффикти угуп, көзөмөлдөгөнгө мүмкүнчүлүк түзөт.

Интернет эркиндиги Казакстанда алты жылдан бери төмөндөөдө.

Өзбекстандагы интернет, укук коргоочулардын пикири боюнча, дүйнөдө эң катуу көзөмөлдөнгөндөрдүн катарына кирет. Мамлекет эл аралык интернет — шлюздарды UZTELECOM оператору аркылуу көзөмөлдөйт.

2015-жылдын июлунан баштап айрым коомдук тармактар жана мессенжерлер бул өлкөдө ачылбайт, ал эми бийликке жакпаган журналисттер өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болушат.

Өзбек өкмөтүнүн пикиринде, талаштуу делген маалыматтарды камтыган сайттар жабылып, материалдардын авторлору соттолушу мүмкүн.

Интернеттин ылдамдыгы төмөн — 8 Мбиттен ашпайт. Байланыштын сапаты начар, өчүүлөр көп болот. Мобилдик технологияларды мектептерде жана университеттерде колдонууга чектөөлөр киргизилген.

Freedom House уюмунун доклады боюнча, интернет Орусияда эркин эмес. Анын себептеринин бири — Орусияда кабыл алынган терроризмге каршы мыйзамдар, мисалы Ярованын мыйзамы. Бул мйызам колдонуучулар тууралуу маалыматтарды алганга жол ачат.

2016-жылы Орусияда интернетте жарыяланган материалдары үчүн бир нече коомдук тармактардын колдонуучулары камакка алынган. Айрымдары кесилип, калгандары катуу куугунтукка дуушар болушкан.

Орусияда интернет эркиндиги акыркы жылдары начарлап гана баратат. Бийлик сынды уккусу келбейт, ал эми көз карандысыз маалыматтык интернет агенттиктер экономикалык жана укуктук кысымга кабылышат.


ТЕМА БОЮНЧА: