Кыргызстан ФИФАнын рейтингинде үч позициясын жоготту

Эл аралык футбол федерациясынын марттагы рейтингинде Кыргызстандын курама командасы февралга салыштырмалуу үч позициясын жоготуп, 128-орун алды.

Азия кубогунун тандоо айлампасынын биринчи матчында Макаонун курама командасын утуп алганына карабастан, Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы үч сапка төмөн түшүп, эми 128-орунда турат.

Анткени ФИФАнын эрежелери боюнча команда акыркы төрт жылда утуп чыккан матчтар гана курама команданын рейтингине оң таасир тийгизе алат. Анысы аз келгенсип, матч болгон күндөн 12 ай өткөн соң анын убакыт коэффииценти командага улам азыраак упай алып келе баштайт.

Азия кубогунун тандоо айлампасынын башталышына чейин төрт ай бою Кыргызстандын курама командасы эч кандай расмий беттешүү өткөрбөгөнүн эске алганда, рейтингдин төмөндөшү мыйзам ченемдүү көрүнүш болчу.

Дүйнөлүк рейтингде позициясын жогото түшүп, Кыргызстан Азия футбол конфедерациясына кирген өлкөлөрдүн рейтингинде да үч сапка төмөн түштү. Эми команда 19-орунда.

Азия кубогу-2019 тандоо айлампасы боюнча Кыргызстандын атаандаштары ФИФАын рейтингинде төмөнкү позицияларда жайгашты: Индия 101-орунда, Мьянма 166-орунда жана Макао 184-орунда.

Кыргызстан быйыл июнда беттеше турган Индиянын курама командасы кыйла көрүнүктүү секирик жасады. Команда 31 позицияга көтөрүлдү. Кыргыз курама командасы сыяктуу эле, Индия Азия кубогунун тандоо айлампасынын топтук баскычынын биринчи матчын Мьянмага каршы ойноп, аны 1:0 эсебинде утуп алды.

Кыйла ийгиликтүү натыйжасына карабастан, Индиянын курама командасы айдын мыкты командасы боло алган жок. Андан Македониянын курама командасы озуп кетти, ал дароо 33 сапка көтөрүлүп, азыр дүйнөлүк рейтингде 133-орунду ээлеп турат.

Мартта баарынан начар көрсөткүч Либерияныкы болду, ал дароо 39 позициясын жоготуп, 141-сапка түшүп калды.

Рейтингдин баш сабы да өзгөрүүгө дуушар болду. Бразилиянын курама командасы биринчи орундан Аргентинаны сүрүп чыкты. Акыркы айларда сап башында турган Аргентинанын курама командасы эми экинчи сапта турат.

Мартта үчүнчү сапта Германия, анын артында Чили менен Колумбия жайгашты. Эң мыктылардын алгачкы он сабы Испаниянын курама командасы менен аяктайт.

ФИФАнн курама командалар рейтинги — команданын учурдагы салыштырмалуу күчүн аныктоого шарт түзгөн система. Ал ай сайын жаңыртылып турат.

Упай чегерүү системасы туруктуу эмес жана көптөгөн жагдайлардан: атаандаш курама команданын күчүнөн, ФИФАнын учурдагы рейтингиндеги орундан, матчтын маанилүүлүк коэффициентинен жана башкалардан көз каранды.

Эл аралык футбол федерациясынын катышуучуларынын кийинки рейтинги 4-майда чыгат.


ТЕМА БОЮНЧА: