УКМК: Караколдун №11 мектеп-гимназиясы бомба тууралуу билдирүүнүн айынан курчоого алынды

SAMSUNG DIGITAL CAMERA

Ички иштер министрлиги жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Каракол шаарынын №11 мектеп-гимназиясында «шектүү буюм» табылганын кабарлашты. Окуя болгон жерге адистер барып, мектептин аймагы курчоого алынып, баары тышка чыгарылды.

ИИМдин басма сөз борборунун кызматкери Эрнис Осмонбаев Kloop.kgге азыр мектептин аймагы текшерилип жатканын, окуя болгон жерде УКМК менен ИИМдин адистери иштеп жатышканын айтты.

«Бирок бомбанын мектепте болгон-болбогонун айта албайбыз, анткени жардыруучу түзмөктөрдү издөө иштери аяктай элек. Алар бүтөөрү менен кошумча маалымат беребиз», — деди ал.

Каракол милициясынын күзөт бөлүмүнө эртең мененки саат 10до белгисиз бирөө телефон чалып, № 11 мектеп-гимназияда колго жасалган жардыруучу түзмөк коюлганын айткан.

Укук сакчылары окуя болгон жерге барып, ичинде шектүү буюм салынган кара баштык табышкан.

Азыр ал буюм техникалык экспертизадан өтүп, бул окуяга тиешелүү кишилер изделип жатат.


ТЕМА БОЮНЧА: