Атамбаевдин администрациясы президенттин миллиондорунун келип чыгышы тууралуу цифрада жаңылышкан

Президенттин басма сөз кызматы Алмазбек Атамбаев Түркиядагы ишканасын сатуудан 2003-жылы мурда айтылгандай 45 миллиард лира эмес, 35 миллион доллар алганын билдирди. Президенттин администрациясы ишкананын базардагы наркы менен компаниянын уставдык капиталын чаташтырып алган.

Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 5-апрелдеги басма сөз үчүн маалыматтын текстинде ишкана сатылгандан түшкөн 35 миллион доллар киреше менен кошо компаниянын уставдык капиталындагы 45 миллиард түрк лирасы өлчөмүндөгү Атамбаевдин үлүшүн кошо эсептелген.

Басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, уставдык капиталдын өлчөмү компаниянын базардагы наркына түздөн-түз тиешеси жок.

Компаниянын уставдык капиталы 50 миллиард лираны түзгөн, анын ичинен Атамбаевге 90 пайызы же 45 миллиард лира таандык болгон.

Компаниянын базардагы нак баасы алда канча жогору болгон, ошондуктан ал иштеп турган учурда ар кандай активдерди сатып алган.

Басма сөз кызматы «Arkan & Ergin Grant Thornton» эркин аудитордук компаниясынын маалыматына таянат, ал 2002-жылдын 31-декабрында компания 33,7 миллион доллар турганын көрсөткөн.

«Arkan & Ergin Grant Thornton» компаниясынын аудитинин маалыматтары.

Ошентип, ишкана сатылгандан кийин Атамбаев 35 миллион доллардай акча алган.

Президенттин администрациясы 5-апрелде Атамбаев 2003-жылы Измирдеги ишкананы сатуудан байып кеткенин билдирген.

Басма сөз кызматы Атамбаев келишимден 45 миллиард лира алганын көрсөткөн, ал 2003-жылдын курсу боюнча 35 миллион долларга барабар болгон деп айтылган.

Коомдук ишмер Эдил Байсалов биринчилерден болуп дал келбеген жагдайды байкап, 2003-жылдагы валюталардын курсун текшерип чыккан. Көрсө 45 миллиард лираны долларга оодара келгенде 26 миң гана болот экен.

Лиралар 2005-жылы гана бийлик жаңы банкноталарды киргизгенде кымбаттаган. Байсалов эгерде Атамбаев чын эле 35 миллион доллар алса, ал түрк лирасында 45 миллиард эмес, болжол менен 58 триллион болоорун айткан.


ТЕМА БОЮНЧА: