Президенттин аппараты: Атамбаевдин үй-бүлөсү 2010-жылдан кийин акчалуу болгонун айткан Текебаевдин билдирүүсү — жалаа

Президент Алмазбек Атамбаев башкы прокурор Индира Жолдубаевага өзү 2003-жылы байып кеткен ишкерлик бүтүм тууралуу документти берди.

Президенттин аппаратынын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, документтер Атамбаев түрк ишкерине Измирдеги ишкананын акцияларын сатып жибергенден кийин байып кеткенин ырастайт.

Келишим 2003-жылдын январында түзүлгөн, акцияларды ал 45 миллиард түрк лирасына (ошол кездеги курс боюнча болжол менен 35 миллион долларга) саткан.

Буга далил катары ал Түркиянын бюллетенинде 2003-жылы 31-январда жарыяланган маалыматты да көрсөткөн.

«Бул материалдар дагы бир жолу далилдейт: Атамбаевдин үй-бүлөсүндө 2010-жылдан кийин гана акча пайда болгону тууралуу Өмүрбек Текебаевдин билдирүүсү — жалаа», — деп айтылат басма сөз кызматынын билдирүүсүндө.

Атамбаев Текебаевге, анын партиялаштарына жана Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө да 2010-жылдын 7-апрелинен кийин пайда болгон мүлкүнүн булагы тууралуу маалымат берүүнү сунуш кылды.

«Муну президент менен жолугушууда аянтта курман болгондордун балдары жана өлкө коомчулугу талап кылууда. Башкы прокуратура мыйзамсыз баюу жөнүндө Кылмыш кодексинин тиешелүү беренелери бар экенин эстеши керек», — деди ал.

«Ата Мекен» партиясынын башчысы Өмүрбек Текебаев 2016-жылдын февралында Атамбаев Кипрдин офшорунда мүлкү бар экендиги тууралуу маалыматка ээ экенин айтты.

Оппозициячынын айтымында, Кипрдеги «ар кандай эксперттер» президенттин аялы Раиса Атамбаева 2010-жылдан кийин «бир топ акча каражаттарын» алганын ага кабарлашкан. Текебаев бул нерсе президент 2011-жылы Владимир Путинге «Мегакомду» мамлекетке өткөрүп албай тургандыгын айтып убада бергенден кийин болгон.

Текебаев президенттин декларациясындагы маалыматтарга таянган, ал боюнча анын туугандары 2011-жылдан бери жыл сайын салымдан дивиденд катары 120 миң доллардан алып турушкан.


ТЕМА БОЮНЧА: