Милиционерлер кыйноо боюнча күнөөлүү деп табылып, мамлекетке 2 миллион сомдон төлөйт

Жогорку сот төрт милиция кызматкерин Бишкектин тургунун кыйнаганы үчүн мамлекетке 2 миллион сом төлөп берүүгө милдеттендирди. Жабыркаган жарандын адвокаттары компенсация талап кылыш үчүн кайрадан сотко кайрылышат.

Кыргызстандын Жогорку соту 11-апрелде Бишкек шаарынын Свердлов районунун милиция бөлүмүнүн төрт кызматкерин кыйноо жана ыйгарым укугунан аша чабуу боюнча күнөөлүү деп тапты.

Тергөөнүн версиясы боюнча, милиция кызматкерлери бишкектик Эрмат Алмазбек уулун кыйнап, уурулукту мойнуна алдырууга аракет кылышкан.

Сот милиция кызматкерлерин иштен кетирүүнү чечип, аларды мамлекетке 2 миллион сомдон төлөп берүүгө милдеттендирди.

«Кылым Шамы» адам укуктарын коргоо борборунун өкүлү Сыймат Жолдошева Kloop.kgге Жогорку сот жабыркаган адамдын эмес, мамлекеттин пайдасына штраф төлөтүү тууралуу чечимди эмне үчүн кабыл алганын билбей турганын айтты.

«Биз азыр жабыркаган кишиге да компенсация төлөтүүнү талап кылабыз. Бирок ушунун өзү деле өтө чоң жеңиш жана жылыш, биз буга кубанып жатабыз. Процесс төрт жылдан ашуун созулган, Эрмат энеси экөө тарткан азапты эми элестете бергиле», — деди Жолдошева.

Жабыркаган кишинин адвокаты Динара Медетова «Голос Свободы» басылмасы менен болгон маекте алар милиция кызматкерлеринен компенсация өндүрүп берүүнү талап кылыш үчүн сотко кайрылышаарын билдирди.

Уурулукту моюнга алдырыш үчүн кыйнашкан

Алмазбек уулу 2013-жылдын 22-мартында анын үйүнө белгисиз адамдар келип, Свердлов РИИБнин шаардык милиция бөлүмүнө күч менен алып кетишкенин айтып берген.

Анын сөзүнө караганда, милиция кызматкерлери ал өзү иштеген автожуугучтагы уурулукту мойнуна алышын талап кылышкан. Сурактан кийин ал жабык баш сөөк, мээ жаракаты, мээнин жана сол бөйрөктүн урунушу менен ооруканага жеткирилген.

Кыйноо фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.

Жабыркаган жигиттин энеси Кайыр Жээренчиева 2013-жылдын сентябрында уулу үйдөн чыгып баратканда аны үч киши сабап салганын билдирди. Кол салгандардын өздүгү аныкталган эмес, бирок Жээренчиева бул окуя сот процесси менен байланышкан деп шектенчү.

2015-жылы Свердлов райондук соту милиция кызматкерлерин «Кызмат абалынан ашыра пайдалануу» беренеси боюнча күнөөлүү деп тапты. Алар 2 миллион сом штраф тартып, кызматтан бошотулду.

Жабыркаган тарап жазаны катуулатыш үчүн Бишкек шаардык сотуна кайрылган, бирок шаардык сот милиция кызматкерлерин актап чыккан. Адвокаттар ал чечимге каршы Жогорку сотко даттанышкан болчу.


ТЕМА БОЮНЧА: