Менчик ТВдан үгүттү алуу сунушталды

Кыргызстанда алдыдагы шайлоолордо жеке менчик телеканалдарда үгүт жүргүзүүгө тыюу салынышы мүмкүн.

Макаланын түп нускасы «Азаттык» үналгысынын сайтына чыккан.

Борбордук шайлоо комиссиясы үгүт ишин мамлекеттик телерадиокомпаниялар аркылуу гана жүргүзүүнү милдеттендирген ченемди шайлоо мыйзамына киргизүүнү сунуштап чыкты.

Бул бардык талапкерлерге бирдей мүмкүнчүлүк түзүү маселеси менен түшүндүрүлдү. Анткен менен айрымдар мындай ченем мыйзамга кирсе, талапкерлер менен шайлоочулардын тандоо укугу чектелет деп ага каршы чыгышууда.

Тең мүмкүнчүлүктөргө шарт түзүү

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова, мүчөлөрү Гүлнара Журабаева жана Назарали Арипов шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү демилгесинин алкагында үгүт тартибин өзгөртүүнү сунуштап чыгышты. Ага ылайык, мындан ары жеке менчик телерадио компаниялардан үгүт жүргүзүүгө тыюу салынышы мүмкүн. Үгүт мамлекеттин карамагындагы телеканалдар аркылуу гана жүрүп, бул үчүн тиешелүү эфирдик убакытты бөлүүнү милдеттендирген ченемди киргизүү сунушу БШКда көпчүлүк добуш менен колдоо тапты.

БШКнын мүчөсү Назарали Арипов бул сунуш бардыгына бирдей мүмкүнчүлүктү камсыздоо маселеси менен байланыштуу экенин айтты:

- Мына ошондой сунуш берилди. Анда үгүт иштери мамлекеттик гана телеканалдарда жүргүзүлсүн деген талап бар. Талапкерлерге бирдей шартты жана мүмкүнчүлүктү мамлекеттик телерадио компаниялар гана түзүп берген эл аралык тажрыйба бар экен. Бул жерде талапкерлердин бардыгына бирдей мүмкүнчүлүк берип, бирине дагы артыкчылык берилбеши керек деген принцип турат. Ошондуктан бөлүнгөн эфирдик убакыт боюнча мамлекеттик телерадио аркылуу гана үгүт жүргүзүүгө уруксат берүү маселеси келип чыкты.

Тандоону чектөө

Бул сунуш чет элдик тажрыйбанын негизинде келип чыкканы айтылды. Кээ бир талапкерлер чоң акча төлөп, менчик телеканалдарда күнү бою үгүт жүргүзсө, айрымдарында мындай мүмкүнчүлүк жок экени белгиленди. Бирок ошол эле кезде мындай ченем шайлоочулардын жана талапкерлердин тандоо укугун чектейт деп ага каршы чыккандар да болду.

БШК төрайымынын орун басары Атыр Абдрахматова бул ченем аркылуу айрым бийликке ыңгайсыз талапкерлерге тоскоолдук болушу мүмкүндүгүн айтып, буга чейинки шайлоодогу үгүт ишинен мисал келтирди:

- 2011-жылы КТРК аркылуу талапкер Адахан Мадумаров кечки саат сегизде мамлекет тарабынан бекер берилген эфирдик убакыттан пайдаланып, сүйлөмөк. Бирок анын убактысы башында тогузга жылып, анан кийин кайра түнкү саат он бирге жылдырылган. Түнкү саат он бирден кийин аны ким көрмөк эле? КТРК жетекчилиги болсо муну ыкчам берилүүчү башка бир материалга алмаштырууга туура келгендиги менен түшүндүргөн. Натыйжада талапкердин эфирдик убактысы бузулуп, анын кызыкчылыгы эске алынбай калган. Мындан ары дагы ыңгайсыз талапкерлерге карата мына ушуга окшогон мамиле, мына ошондой жагдайлар болушу мүмкүн. Анан калса мамлекеттик телеканалдарга шайлоочулар көбүрөөк доомат айтып жатпайбы. Шайлоочулардын дагы тандоо укугу бузулушу мүмкүн. Анткени айрымдары мамлекеттик телеканалдарды көрбөйт да. Мына ушул жагы эске алынышы керек.

Ошол эле учурда Кыргызстандагы жеке менчик телеканалдардын өкүлдөрү алардын шайлоодо үгүт иш-чараларын чагылдыруу укугунан ажыратууну көздөгөн демилгеге каршы чыгышты.

Оштогу "Ошпирим" телеканалынын башкы продюсери Алымбек Апызаков бул сунуш шайлоо мыйзамдарына кирсе, анда ал медиа рыноктогу учурдагы тең салмактуулукту буза турганын белгиледи:

- Жеке менчик телеканалдар өкмөттүн талабы боюнча санарипке өтүү үчүн жабдууларын алмаштырып, өтө чоң чыгым тартты. Анан дагы өздүк контент 50 пайыздан кем болбосун деген талапты аткаруу үчүн дагы чоң чыгымдар талап кылынат. Мына ошол муктаждыктарга каражат каяктан келет? Ошонун бардыгы жарнамалардан түшөт да. Анан калса бизде жарнак базары дээрлик жок болгондуктан телеканалдар шайлоо учурунда гана бир аз киреше таба алат. Анан эми мамлекеттик телеканалдар менен бирдей медиа базарда туруп, бирдей талап коюлуп жаткан шартта бизди шайлоо учурунда акы төлөнгөн үгүт материалдарын жайгаштыруу укугунан ажыратуу акылга сыйгыс нерсе да. Эмне үчүн мамлекеттик телеканалдарга артыкчылык берилиши керек? Андай боло турган болсо, жеке менчик телеканалдарды биротоло эле жоюп салышсын...

Коммерцияга айланган үгүт...

Анткен менен жеке менчик телерадио компанияларда үгүт жүргүзүүгө тыюу салган ченемди мыйзамга киргизүүнү сунуштаган тарап шайлоо өнөктүгүндө коммерциялык кызыкчылык үстөмдүк кылып жаткан жагдайды мисал келтирүүдө. Акчанын күчү менен талапкерди же партияны курулай мактап-жактаган материалдардын көптүгү шайлоочунун тандоосуна терс таасир этип жатканы айтылды.

БШКнын мүчөсү Гүлнара Журабаева үгүттү мамлекеттик телеканалдардын эсебинен акысыз жүргүзүү зарылдыгы турганын кошумчалады:

- Шайлоочулар бизге "бардык телеканалдар шайлоо учурунда үгүт материалдарын жайгаштырып, жадатып жиберишет" деген дооматтарын айтышат. Анан дагы мамлекеттик телеканалдар мамлекет эсебинен каржылангандыктан шайлоого байланыштуу үгүт иштерине жана дебаттарга эфирдик убакыт бөлүүгө тийиш. Мунун бардыгы акысыз болушу кажет. Болбосо азыр шайлоолордогу үгүт аябай кымбат иш-чарага айланып бара жатат. Биз бардыгына бирдей мүмкүнчүлүк түзүү үчүн ушуга барышыбыз керек.

Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо мыйзамына мына ушундай ченемди киргизүү боюнча сунушту көпчүлүк добуш менен кабыл алып, аны Жогорку Кеңешке жөнөтө турганы маалым болду. Парламент бул өзгөртүүнү жактырса, анда ал үгүт тартибин өзгөртүүнү караган өзүнчө мыйзам долбоору катары кабыл алынышы мүмкүн.


ТЕМА БОЮНЧА: