Бишкекасфальтсервис: «Чуңкур өзүнөн-өзү пайда болгон»

Жибек жолу жана Курманжан Датка көчөлөрүнүн кесилишинде катуу жааган жаандан улам чуңкур пайда болуп, ага жөө жүргүнчүлөр түшүп кетишкен. «Бишкекасфальтсервис» чуңкурдун пайда болушуна эч ким күнөөлүү эмес жана ага эч ким жоопкерчилик албайт деп эсептейт.

«Бишкекасфальтсервистин» башчысы Жумакадыр Алымбаевдин айтымында, Жибек жолу жана Курманжан Датка (мурдагы Алма-Ата) көчөлөрүнүн кесилишиндеги жарым метрлик чуңкур өзүнөн-өзү пайда болгон, ошондуктан алар эч кимди жоопкерчиликке тарта албайт.

«Суу асфальтты жеп кетип, чуңкур өзүнөн-өзү пайда болгон. Эч ким бул жерди казган эмес, эч кандай дисциплинардык чара колдонулбайт. Бул биздин кызматкерлердин күнөөсү эмес», — деди ал.

Алымбаев кабарлагандай, «Бишкекасфальтсервистин» кызматкерлери жакынкы аралыкта чуңкурду асфальттап тегиздеп коюшат.

Нөшөрлөп жааган жамгырдан улам 13-апрель күнү Аламүдүн базары жактагы Жибек жолу жана Курманжан Датка көчөлөрүн суу каптаган. Жолдун жөө адамдар өткөн тилкеси менен тротуардын ортосунда чуңкур пайда болуп, ага адамдар тизесине чейин кирип кетишкен.

Жабыркагандардын бири эмчектеги баласы менен өтүп бараткан аял болгон. Күбөлөрдүн айтымына караганда, аял кулап баратканда наристе башы менен жыгылган.

Өтүп бараткандар чуңкурду байкабай эле түшүп кете бергендиктен кийин адамдар ал жерди таштар менен тосуп коюшкан.

Бишкек мэриясынын турак-жай-коммуналдык чарба башкармалыгынын башчысы Канатбек Эшатов ирригациялык система толуп калгандыктан жолдун кесилишинде суу каптап кеткен болушу мүмкүн деп билдирген.


ТЕМА БОЮНЧА: