Милиция табып Зайналиевге каршы иш козгой албайт

Милиция табып Хашым Зайналиевге каршы кылмыш ишин козгой алган жок, анткени материал жетишсиз. 2016-жылы күздүн башында табыптын операциялык столунда бейтап аял көз жумган.

Бишкек ШИИБнин басма сөз кызматынын башчысы Адыл Оморов Klopo.kg менен болгон маекте азыр иликтөө жүрүп жатканын кабарлады. Анын айтымында, жетиштүү материал топтолоору менен милиция Зайналиевге каршы кылмыш ишин козгойт.

«Тергөөчүлөр бул ишти иликтөөнү улантышууда жана ал эмне менен бүтөөрү али белгисиз. Ал дарылап, кеңеш берип жатпайбы, анын айтканын угаар-укпасын бейтап өзү чечет да. Бейтаптар ага өздөрү барып жатышат», — деди ал.

Саламаттык сактоо министрлиги да табыпка карата чара көрө албай жатат.

Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиевдин айтымында, ал укук коргоо органдарына кайрылган, Зайналиевди сотко да беришкен, бирок ал ишин улантууда.

«Клиника бейтаптарга зыян тийгизүүдө, бирок тилекке каршы клиникадан жабыркагандар өздөрү арыз жазуудан баш тартып жатышат, андыктан укук коргоо органдарынын айласы жок. Анын клиникасын жаап кое алышпайт, анткени ал лицензия алган эмес жана расмий түрдө аны эч ким ачкан эмес. Саламаттык сактоо министрлиги эч нерсе кыла албайт», — деди ал.

Мамлекеттик органдардын аракетине карабастан кыргызстандыктар баары бир табыпка кайрылышууда.

«К-Ньюс» редакциясына бейтап аялдардын бирөөнүн тууганы айтып бергенине караганда, мыйзамсыз клиникада бош орун жок.

«Биз бул жакка апабызды жаткырганы жатабыз. Азырынча орун жок экен, бирок жакында бир аял чыкканы жатат. Бизди кабыл алышат деген үмүтүбүз бар. Биздин ооруканаларга ишенбей калдык, алар апабызды өлтүрүп ала жаздашты. Ушул жерден дарыланып чыгат деп үмүт кылып турабыз. Борбордун шарттары бизге туура келет», — деди ал.

Зайналиев өзү адамдарды «дарылай» берээрин билдирген.

Бейтап аялдын өлүмү

2016-жылы күздүн башында Зайналиевдин клиникасында көкүрөк безинин өсмөсү менен ооруган бейтап аялдардын бири көз жумган. Табып анын көкүрөк безин наркозу жок алып салууга аракет кылып, натыйжада аял жан берген.

Зайналиев аялдын туугандары өздөрү бейтаптын көкүрөк безин кесип салууну суранышканын, ал бул кадамга көптөгөн өтүнүчтөрдөн кийин макул болгонун билдирди. ИИМ «Мыйзамсыз дарылоо» беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон, бирок аны токтотуп койду, анткени каза тапкан аялдын туугандары милицияга арыз менен кайрылган эмес.

Саламаттык сактоо министрлиги милиция менен кошо ноябрдын аягында табыптын клиникасын жаап салганга аракет кылган, бирок анда дарыланган 16 бейтаптын баары Улуттук онкология борборуна баруудан баш тартып, табыпты коргоп чыгышкан.

Табып Зайналиев дарылоонун «бөтөнчө» ыкмалары менен белгилүү. Ал онкологиялык ооруларды дарылаш үчүн чөптөрдү пайдаланып, жатынга ийне саят.

Ошого карабастан, андан дарыланган бейтаптар президент менен депутаттарга кайрылып, табыптын клиникасын жаппагыла деп өтүнүшкөн.


ТЕМА БОЮНЧА: