Саламаттык сактоо министрлиги табып Зайналиевге каршы сотко доо арыз берди

Саламаттык сактоо министрлиги табып Хашим Зайналиев адамдарды лицензиясы жок дарылагандыктан сотко ага каршы доо арыз берди.

Саламаттык сактоо министрлиги Зайналиев боюнча иштин бардык материалдарын Биринчи май райондук сотуна өткөрүп берди.

Мурда мекеме укук коргоо органдарына кайрылган, ошондой эле өз алдынча кызматтык иликтөө жүргүзгөн.

«Сиздерден табып Зайналиевди жоопкерчиликке тартууну жана анын мекемесин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында жабууну суранабыз», — деп айтылат кайрылууда.

Хашим Зайналиевге каршы кылмыш иши 2016-жылдын октябрында «мыйзамсыз дарылоо» фактысы боюнча козголгон.

Буга чейин анын клиникасында көкүрөк безинин өсмөсү менен ооруган бейтап аялдардын бири көз жумган. Табып анын көкүрөгүн наркозу жок кесип салууга аракет кылып, андан кийин жетип келген «тез жардам» аялдын өлүмүн каттаган.

Зайналиев өзү аялдын туугандары анын көкүрөгүн кесип салууну өтүнүшкөнүн, ал буга бир топтон кийин макул болгонун айткан.

Саламаттык сактоо министрлиги милиция менен кошо ноябрдын аягында табыптын клиникасын жапканга аракет кылган, бирок ал учурда анын колунан дарыланып жаткан 16 кишинин баары Улуттук онкологиялык борборго которулуудан баш тартышкан.

Табып дарылоонун «өзгөчө» ыкмалары менен белгилүү. Зайналиев чөптөрдү пайдаланып, онкологиялык оорусу бар аялдардын жатынына ийне саят.

Ошого карабастан анын колунан дарыланып жаткандар президент менен депутаттарга кайрылып, табыптын клиникасын жаппагыла деп өтүнүшүүдө. Табып өз дарыгерлик ишин эмгиче улантып келатат.


ТЕМА БОЮНЧА: