Атамбаевдин кеңешчиси жана досу: Түрк ишкери Ахмет Кая ким?

Президент Алмазбек Атамбаев (ортодо) өзүнүн жакын досу Ахмет Каяга (оңдо) таандык «Termikel» түрк техникасынын дүкөнүнүн ачылышында. Сүрөт: «Termikel».

Кыргызстандын президентинин администрациясы 5-апрелде Алмазбек Атамбаевдин байлыгынын булагы тууралуу маалыматты жарыялады. Ал маалыматтарга ылайык, 2003-жылдын январында Атамбаев Түркиядагы «Elektromed Elektronik» компаниясынын акцияларынын 90 пайызын 35 миллион долларга сатып жиберген.

Байлык тууралуу кабардан тышкары, бул маалыматтар кыргыз президенти 2000-жылдардын башында эле, ишкер болуп жүргөн кезинде «Elektromed Elektronik» компаниясына ээлик кылган таасирдүү түрк ишкери Ахмет Каянын үй-бүлөсү менен байланышы болгонун көрсөттү.

«Фергананын» маалымат булактары президент Кая менен андан да мурда, 1990-жылдары, Атамбаев түрк инвестицияларын өзүнүн «Кыргызавтомаш» ишканасына тартууга аракет кылып жүргөндө байланышканын айтышат.

Бирок азыркы президент менен түрк ишкери качан таанышканын Kloop.kgнин кабарчылары так аныктай алышкан жок — болжол менен алардын байланышы 1990-жылдардын аягынан же Атамбаев Түркияда ишкерлик кылган 2000-жылдардын башынан башталат.

Каянын Атамбаев менен болгон байланышы жок дегенде 15 жыл бою үзүлгөн эмес — ишкер кыргыз президенти менен жолугушууларын улантып, айрым учурларда Түркиянын жетекчилигинин позициясын жеткирип, кыргыз-түрк мамилелеринде байланыш көпүрөсү катары кызмат кылат.

Атамбаевдин тушундагы кеңешчи

2010-жылы декабрдын ортосунда кыргыз парламентинин көпчүлүк депутаттары Алмазбек Атамбаевди өлкөнүн премьер-министри кылып дайындоо үчүн добуш беришкен.

Ал дайындоо Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиев бийликтен күч менен кулатылып, өлкөдөн качкандан кийин сегиз ай өткөн соң болгон.

Атамбаевдин премьер-министрдин кызматындагы көрүнүктүү жана алгачкы кадамы Түркия менен визалык тартипти акырындап жокко чыгаруу болду. Бул тууралуу Кыргызстан менен Түркиянын өкмөттөрү 2011-жылдын 1-февралында макулдашкан.

Ахмет Кая. Сүрөт: ДЕИК.

Расмий жолугушууга бир күн калганда, 31-январда Атамбаев Ахмет Каяны коомдук негиздеги өз кеңешчиси кылып дайындады — түрк ишкери бул кызматта Атамбаев 2011-жылдын аягында президент болуп шайлангыча иштеди.

Ал эми Атамбаев премьер-министр болуп турган кезинде аны Түркиядагы расмий делегациялардын катарында коштоп жүргөн — мисалы, Атамбаев 2011-жылдын апрелинде Евробиримдиктин мисалында Түркия менен бирдиктүү экономикалык мейкиндик түзүүнү сунуш кылган кыргыз өкмөтүнүн иш сапарында ал бар болчу.

«Өлкөнү көтөрүш үчүн биримдик керек. 5-6 айдын ичинде Кыргызстан көтөрүлө алат, кийинки жылы Кыргызстан жардам сурабай калат», — деп билдирген ал.

Атамбаев премьер болуп турганда Кыргызстан Түркиянын Экспорт-насыя банкынын алдында кыргыз өкмөтүнүн карызын кечтирүү жана аскердик чыгымдарга грант алуу тууралуу Түркия менен макулдашкан.

Ишкер кеңештин төрагасы

2011-жылдын ноябрында Атамбаев Кыргызстандагы президенттик шайлоодо жеңип чыкты — аны добуш берген шайлоочулардын 62,52 пайызы колдоду. Бир айдан кийин декабрда инаугурация салтанаты болуп, андан кийин ошол эле күнү Атамбаев Түркиянын президенти Абдулла Гүл менен жолугушту.

Кая менен Атамбаевдин байланышы улана берди. 2012-жылдын январында Атамбаев Стамбулга барып түрк бийлигинин өкүлдөрү менен жолугушкан. Жолугушуулардын бири 2011-жылдын май айынан тартып Ахмет Кая жетектеген Түркиянын тышкы экономикалык байланыштар кеңешинин (ДЕИК) кыргыз бөлүмү менен болот.

ДЕИК Түркиянын жеке ишкерлигине тышкы мамилелерде: экспортту арбытууда, инвестицияларда, тейлөөдө, логистикада, башка өлкөлөрдөгү мамлекеттик иш аткаруучулукта жардам берет.

Кыргыз тараптан ДЕИКте узак убакыт бою тең төрагалык кылган ишкер жана Атамбаевдин жакшы санаалашы Чыныбай Турсунбеков азыр парламент спикеринин ордун ээлеп, президентти колдогон Кыргызстан социал-демократиялык партиясын (КСДП) жетектейт.

Чыныбай Турсунбеков (солдо) жана Алмазбек Атамбаев (оңдо). Сүрөт: парламенттин басма сөз кызматы.

Атамбаевдин жолугушуусу Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы мамилелердин жаңы баскычы тууралуу декларацияга кол коюу менен аяктайт. Президент алакалардын максаттарынын бири товар айланууну 1 миллиард долларга чейин көтөрүү экенин билдирет.

«Termikel Group» ишканасынын президенти

Бир жылдан кийин, 2013-жылдын июнунда, Атамбаев Анкарага жумуш сапары менен барат. Расмий түрдө ал президент Гүл жана Түркиянын жогорку даражалуу аткаминерлери менен жолугушууга тийиш.

Бирок түрк бийлиги менен жолугушуулардан тышкары Атамбаев Ахмет Кая ээлик кылган «Termikel» дүкөнүнүн ачылышына катышат. Ачылыш аземинде кыргыз президенти «Termikel» заводунун жумушчуларынын алдында сөз сүйлөп, анда Түркия — «биздин эне-мекенибиз», ал эми Кыргызстан — «ата-мекенибиз» экенин айтат.

«Жакшы достор, жакшы бир туугандар асмандагы жылдыздар сыңары. Аба ырайы туман же булут басып турганда жылдыздар көрүнбөйт, бирок алардын бар экенин баары билет. Түркия биз үчүн ошол жылдыз сыңары. Биздин мекенибиз, атабыз Кыргызстан, бирок биз эне-мекенибиз Түркия экенин унутпайбыз», — дейт Атамбаев.

Президент Алмазбек Атамбаев Түркиядагы Ахмет Каяга таандык заводдун жумушчуларынын алдында сөз сүйлөп жаткан учуру. Сүрөт: «Termikel Group».

Расмий түрдө «Termikel» тиричилик техникасынын дүкөнүнүн ачылышына Атамбаевдин барганы тууралуу эч нерсе айтылбайт — президенттин администрациясы 22-июнда Атамбаев жумуш сапарынан кийин Кыргызстанга кайтып келгенин кабарлаган.

«Termikel Group» — Каянын үй-бүлөсүнө тиешелүү чоң холдинг, ал өзүнө ар кандай багыттагы 18 компанияны камтыйт. Мисалы, алардын бири — акцияларына Атамбаев болжол менен 2000-жылдардын башында ээлик кылган «Elektromed Elektronik» — электр эсептегичтерды чыгарып, «акылдуу» эсептегичтерди өндүрүү боюнча өзүн «дүйнөдө төртүнчү орунда» деп эсептелет.

Холдинг «Jeoden Elektrik» энергетикалык компаниясы да кирет, ал мисалы энергиянын калыбына келүүчү булактары боюнча долбоорлордо объектилерди иштеп чыгып, куруу менен алектенет. «Termikel» түйүнүндө медициналык багыттагы «Alfamed» компаниясы да бар, ал оорулардын дарт белгисин аныктайт.

2013-жылдын декабрында Атамбаев кечки сый тамакка Түркиянын Соода-өнөр жай палатасынын өкүлдөрүн чакырган, алардын арасында төрага Рифат Хисаржыклыоглу жана Ахмет Кая бар эле.

Алмазбек Атамбаев аялы Раиса менен (ортодо), Ахмет Кая (солдо чет жакта) жана Түркиянын соода-өнөр жай палатасынын төрагасы Рифат Хисаржыклыоглу (оң жакта четте). Сүрөт: Соода-өнөр жай палатасы.

Бул жолугушууда Хисаржыклыоглу Түркиянын мамлекеттик «Eximbankы» Кыргызстанга энергетика тармагын өнүктүрүүгө насыя берээрин айтат. Атамбаев өзү жардамга үмүт кылаарын белгилеп, «Түркия дайыма жүрөгүмдө» деп сөз сүйлөйт.

«Биз Түркия сыяктуу бай, күчтүү жана өнүккөн өлкө эмеспиз, бирок бизде улуттук дух, калыстык жана өлөрмандык бар. Бирок биз иштегенди үйрөнүшүбүз керек, бул жагынан биз Түркиянын жардамына үмүт артабыз», — дейт президент.

Атамбаев үйлөнүү тоюнда

Кийинки көрүнүктүү жолугушуу Анкарада 2014-жылдын августунда болот — бул жолу расмий эмес жолугушуу кыргыз президенти менен түрк ишкеринин ортосундагы достук мамилени баса көрсөтөт.

Атамбаев Каянын уулунун үйлөнүү тоюнда ардактуу мейман болуп, ишкерди «досумдан да артык» деп айтат. Ал жаңы үйлөнгөндөргө «ата-энеңерди сыйлагыла» деп кеңеш берет.

«Кутмандуу кечиңер менен, бир туугандар. Бүгүнкү кече мен үчүн чоң майрам. Чынында биз жөн эле дос эмеспиз, биз бир тууган болуп калдык. Мен Каянын үй-бүлөсүнүн бир бөлүгү болуп калдым…» — дейт Атамбаев.

Алмазбек Атамбаев Ахмет Каянын уулунун үйлөнүү тоюнда. Видео: SonDakika.com.

Атамбаев менен кошо салтанатта Түркиянын президенти Абдулла Гүл да конок болуп, кийин кызматынан кеткен.

Бул жумуш сапары тууралуу кыргыз ЖМКларында расмий кабарланган эмес.

«Себат» тууралуу сүйлөшүүлөр

2016-жылдын июлунда Түркияда аскерлер катышкан мамлекеттик төңкөрүш аракети болуп өткөн. Төңкөрүш ишке ашпай калып, түрк бийлиги аны уюштурган киши катары динаятчы Фетхулла Гүленди күнөөлөп, анын тарапкерлерине куугунтук башталган.

Түркия Кыргызстандан куугунтуктагы Гүлен менен байланышта караган «Себат» түрк лицейлер түйүнун жаап салууну өтүнөт.

Адегенде Кыргызстандын жетекчилиги Түркиянын бийлигин «ультиматум менен опузанын тилинде» сүйлөшпөгөнгө чакырып, билим берүү мекемелерин жабуудан баш тартат.

Бирок 2016-жылдын октябрында Кыргызстанга Ахмет Кая келип, Атамбаев менен жана кыргыз жогорку окуу жайларынын студенттери менен жолугушат. Жолугушууларда ишкер Түркиядагы төңкөрүш аракети жана Гүлендин «мыйзамсыз иштери» тууралуу айтып берет.

Ахмет Кая Бишкекте студенттер менен жолугушууда. Сүрөт: «Анадолу» агенттиги.

Иш сапарды Ахмет Каяга таандык «Termikel Group» холдинги ээлик кылган «А» телеканалы чагылдырат. Жыйынтыктоочу сюжет 2016-жылдын декабрында Атамбаев «Себатка» карата түрк бийлигинин талабына жарым-жартылай макул болгондон кийин чыгат.

Кыргыз президенти «Себат» «Сапат» болуп өзгөрүлөөрүн, лицейлер түйүнүнүн түзүүчүлөрү өзгөрөөрүн, ага Кыргызстандын Билим берүү министрлиги кошулаарын билдирди.

Атамбаевдин акциялары жана Каянын компаниясы

Кыргыз президентинин Түркиядагы байланыштары Атамбаев өзү 5-апрелде өз байлыгынын келип чыгышы тууралуу маалыматты элге чыгарууну чечкенден кийин талкуулана баштады.

Президенттик администрациянын билдирүүсүнө ылайык 2003-жылга чейин Атамбаев Ахмет Каянын «Termikel Group» холдингине кирген «Elektromed Elektronik» түрк компаниясынын акцияларынын 90 пайызына ээлик кылып келген.

Kloop.kgнин кабарчылары аныктагандай, Атамбаев аялы Раиса экөө Түркиядагы «Foreks Makina» компаниясынын акцияларына да ээлик кылып келишкен, бирок 2006-жылы аларды сатып жиберишкен. Бул компания кийинчерээк Ахмет Каянын үй-бүлөсүнө кайра сатылган.

Президенттик администрациянын басма сөз кызматы Kloop.kgге Атамбаевдин 2006-жылдагы бычымынын жагдайларын бөлүшүүгө убада берген, бирок анын чоо-жайы ачыкка чыга элек.

Авторлошу: Элдияр Арыкбаев.