Бишкек: Тергөөчү алган парасын кайтарып берип жатканда кармалды

Бишкектин Биринчи май РИИБинин тергөөчүсү алган парасын кайтарып берип жаткан жеринен кармалды. Акчаны тергөөчү арыз жазган аялдан алган, ал аял алдамчылык фактысы боюнча анын кылмыш ишин козгоп беришин каалаган. Милиция кызматкери ишти козгой албай койгондо аял андан акчаны кайтарып берүүнү талап кылган.

ИИМдин басма сөз кызматынын башчысынын орун басары Карина Аманкулова Kloop.kgге Биринчи май ИИБинин тергөөчүсү Токмокто жашаган аялдан 2017-жылдын февралында 500 доллар пара алганын билдирди.

Аял милиция кызматкери алдамчылык фактысы боюнча кылмыш ишин козгошун каалаган, бирок ал анын колунан келбей койгон.

Арыз жазган аял тергөөчүдөн акчаны кайтарып берүүнү талап кылган. Милиция кызматкери макул болуп, бирок параны ага бөлүп-бөлүп берээрин айткан.

Аял акчасын кайтарып алыш үчүн укук коргоо органдарына да кайрылган.

«Кечээ, 18-апрелде ал ошол аялга 400 долларын кайтарып берип жатканда биздин кызматкерлер аны колго түшүрдү», — деди Аманкулова.

Тергөөчү Бишкек ШИИБнин убактылуу камак изоляторуна киргизилди.

Милиция кызматкерине каршы «Пара тоорумай» жана «Кызмат абалынан ашыра пайдалануу» беренелери боюнча кылмыш иши козголду.

Азыр ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгы ички иликтөө жүргүзүп жатат.


ТЕМА БОЮНЧА: