«Ата Мекен» тыюуга карабастан парламенттин жанында митинг өткөрдү

Милиция «Ата Мекен» партиясынын тарапкерлерине парламенттин жанында митинг өткөрүүгө тыюу салып, аны соттун чечими менен түшүндүрдү. Демонстранттар тыюуга карабастан «саясий куугунтукка каршы» өз акциясын улантышты.

«Ата Мекен» партиясынын 100гө жакын тарапкери «саясий себеп менен» түрмөдө отурган саясатчыларга колдоо көрсөтүп парламент имаратынын жанына митингге чыгышты. Негизги талабы — алардын партиясындагы депутаттарга жана башка оппозициячыл активисттерге кысым көрсөтүүнү токтотуу. «Ата Мекендин» жетекчиси Өмүрбек Текебаев УКМКнын ТИЗОсунда 25-апрелге чейин камакта отурат.

https://www.facebook.com/kloop.kg/videos/10154574041704639/

20га жакын милиция кызматкери митингдегилерге көз салып турду. Айрымдары митингдин уюштуруучуларына барып, аны токтотууну талап кылышты.

Акцияны уюштуруучулардын бири, парламенттин мурдагы депутаты Асия Сасыкбаева милиция кызматкерлери ага Бишкектин Биринчи май райондук сотунун алар митингди Горький паркында гана өткөрө алышаарын билдирген токтомун көрсөткөнүн айтты.

«Бул [Аскар] Акаевдин жана [Курманбек] Бакиевдин тушунда болгон. Эми Атамбаевдин тушунда болуп атат. Соттун чечими мыйзамсыз, анткени Конституция бул укукка кепилдик берген», — деди ал.

Анын айтымында, милиция кызматкерлери митинг өткөрүш үчүн микрофон иштетүүгө уруксат бербей коюшкан.

«Эки милиция кызматкери келип бизден аппаратураны алып салууну талап кылышты. Бирок биз аппаратураны пайдаланабыз, бул биздин укугубуз», — деди ал.

Милиция кызматкерлери митингдегилерден парламенттин жанындагы тротуарда турбагыла деп да талап кылышкан.

Бишкек ШИИБнин басма сөз катчысы Адыл Оморов Kloop.kgге митингдерди чектөө жөнүндө токтом 20-апрелге чейин күчүндө болоорун билдирди.

«Милиция кызматкерлери митингдегилерге түшүндүрмө беришти. Демонстранттар тынч турушат, чагым болгон жок. Уюштуруучулар бул флэшмоб экенине таянып жатышат. Алар бул митингди бүтүрүп тарап кетүүгө макул болушту», — деди ал.

Митинг өткөрүүгө эмнеге тыюу салынганын милиция түшүндүргөн жок.


ТЕМА БОЮНЧА: