Бишкекте жашаган аял затына турист аялдын учкай көз карашы

Кыргыз аялдары сулуу. Жаш кезинде алар азиаттарга жана метистерге мүнөздүү чакан боюнан, сыйда терисинен жана туура бет түзүлүшүнөн улам фарфор куурчактарга окшош. Эреже катары алар көп жылмайып, өздөрүн жакшы карап жүрүшөт.

Лилия Ахремчик.

«Пикир» рубрикасында жарык көргөн материалдар авторлордун жеке позициясын чагылдырат. Жазманын түп нускасы психолог жана коуч Лилия Ахремчиктин «Учкан куш» жан-дүйнө устаканасында жарык көрүп, анын уруксаты менен кайра басылды.

Анысы «өзүн сатып жибергиче», башкача айтканда күйөө тапкыча деп кыялданам. Анан эле баары бир заматта өзгөрүп кетет: кечээ кыз эле, бүгүн зайып болду.

Өткөөл курагы дээрлик болбойт. Европа аялдары көпчүлүк учурда жаш курагына карабаган аял заты: жандуу, көп нерсеге кызыккан, учкуну бар, өнүгүп жаткан ж. б. аял заты боло алышат.

Кыргыз аялдарынын балдары бар болсо анысы дароо көзгө урунат. Ал аял үй-бүлөнүн башчысы болуп калат. Тымызын. Анысын ээн-жайкын басканынан, өзүн кенен-кесир алып жүргөнүнөн, бели бекип, далысы катып калганынан байкаса болот. Имаратка эне жана кожойке кирип келатат — түшүнүктүү.

Кыргыз аялдарында тымызын агрессия көп. Көп учурда жүзүндө жылмаюу бар, ичинде болсо нерви чыңалып турган болот. Кээде жашырып деле убара болбойт: ичи да заар, тышы да заар.

Менде мина талаасында кетип бараткандай сезим болгон. Бирөөнүн кычыгына байкабай тийип алсаң эле адамдын ичиндеги бомба жарылып кетчүдөй. Жөн эле ошондой сезилсе керек деп койгом.

Минскиге келип, бизде андай нерсе жок экенин түшүндүм. Биздин аялдар түнт, басмырт — түртүп койсоң эле жыгылып түшчүдөй. Эми күңкүлдөсө күңкүлдөп тим болот, ошондо да ичинен эле. Тигил жакта болсо — Вах! Вах! Вах! Дароо ушунча сезим менен доомат! Агрессиясы чыгайын деп эле турат.

Жергиликтүү аялдар эркектер жагынан жолу болбой калган. Мени урушсаңар-койсоңор өз эркиңер, бирок Бишкекте мен келишимдүү эркектерди көргөн жокмун (эми, бирөөнөн башкасын дейинчи). Сулуу аялдар кадам сайын кездешет, келишимдүү эркектер болсо жок.

Көп учурда өтө бир сулуу кыз ушундай бир кебетеси жок жигитти бекем колтуктап алып кетип баратканын байкап жүрдүм… Кыскасы, аны аяп кеткем.

Мейли, эркектин сулуулугу башкы маселе эмес. Башка да өңүтү бар. Кыргыз эркектери жалкоо жана жакшы жай таап алышкан. (Сонун эркектер жана үй-бүлөлөр бар экенине ишенем дечи. Көпчүлүгү деп мен өтө эле жалпылап жатам).

Алар исламды өзү үчүн кандайдыр ылайыкташтырып алган сыяктуу, аялдарынын мойнуна минип алып, аларды кайра экинчи сорттогу киши катары санашат.

Исламда эркек аял үчүн, анын камсыз болушу, билим алышы жана башкасы үчүн, дегеле үй-бүлө үчүн толук жоопкерчиликти мойнуна алса, кыргыз эркеги акча таппай-этпей туруп эле аялын сабап, кемсинте берген жайы бар.

Натыйжада аял киши кызматта да иштеп, үйүн, балдарды да карап, бардык үй иштерине кам көрүп, анан анысы аз келгенсип өзүн сыйлабаган күйөөсүн да багып, тейлеп турат. Үй-бүлөдөгү жакындык кыялдагы гана нерсе.

Ажырашканга болбойт, анткени тууган-уругу бүт сындап чыгат. Ал деген күйөө да. Аны менен аял канчалык начар жашабасын ал деген жалгыз эле болушу зарыл. Балким аялдардын тымызын заары, эрте карыганы да ошондон улам болсо керек.

Аялдар өзү каалагандай жашабайт. Анткенге болбойт. Үй-бүлөнүн бүтүндөй уруулук түзүлүшү жана чөйрө аларды алкакта жана сценарийлерде кармайт. «Жаман болсо да чыда». Жабыркаган сыймык, бактылуу болуш сынга алынат.

Аял киши бактысыз болсо ал дээрлик ыйык адам. Анын өзү эмне сезип, эмне каалап атканы эч кандай мааниге ээ эмес. Эгерде ал өзүн жакшы көрүп, баалай баштаса аны ордуна коё башташат. Бул эмне кылганы ыя?

Мага келген аялдар — өнүккөн, сулуу жана цивилизациялашкан аялдар, алар Чыгыш менен Батыштын ортосунда.

Аларды эски көз караштар дагы эле артка тартып турат, бирок Батыш баалуулуктары да: өзүн жакшы көрүү, өзүн аздектөө, өз жашоосун жашоо, өнүгүү, эркегин өзү тандоо, эркегин жакшы көрүү жана башка нерселер да кызыктырат.

Алар жакшы кызматта, жакшы акча табышат, спорт, фитнес, йога, чет тилдери, бий менен алектенишет, психологияга кызыгышат. Алар азыркы психологдордун эмгектерин окуп, өзүн жана жашоосун териштирип, өзүнүн эмнеге канааттанбай жатканын издеп келишет.

Жалпысынан, мендей чет өлкөлүк аялдын учкай көз карашы ушундай. Мен кеңеш берүү учурунда колдон келишинче аяр болгонго аракет кылып, ал жактан эмес экенимди айтып, тигил же бул тааным менен эмне кылыш керек экенин аял өзү гана чечиши керек экенин айтып жаттым. Чыгыштын чындыгы башка.


ТЕМА БОЮНЧА: