«Ата Мекен» Атамбаевге каршы: Сот «сасыган» деген сөзгө баа бериш үчүн эксперт издеп жатат

Сот ишкерлик абройду коргоо боюнча «Ата Мекен» партиясынын президент Алмазбек Атамбаевге каршы доо арызын кароону токтотуп койду. Сотчу «сасыган» деген сөзгө ким экспертиза жүргүзөөрүн аныктай алган жок. Партиянын юристтери экспертизаны эркин уюм жүргүзүшүн талап кылып жатышат.

«Ата Мекенлдин» юристи Канатбек Азиз Kloop.kgге Бишкектин Биринчи май райондук соту ишти партиянын өтүнүчү боюнча кароону токтотуп койгонун билдирди.

Анын айтымында, сотчу Алмаз Калыбаев партиянын доомат тизмесиндеги бардык тогуз пунктту эмес, алардын үчөөнү гана экспертизага жөнөттү.

Азиз Улуттук илимдер академиясы экспертиза өткөрүүдөн баш тартып, Юстиция министрлигине жолдогонун айтты. Бирок «Ата Мекендин» юристи экспертизаны мамлекеттик мекеме жүргүзүшүн туура эмес деп эсептейт, анткени жоопкер президент болуп жатат.

«Биз экспертизаны кайсы бир эркин уюм же борбор жүргүзүшүн талап кылабыз», — деди ал.

Марттын башында «Ата Мекендин» юристтери сотко кайрылып, Алмазбек Атамбаев өзүнүн сүйлөгөн сөздөрүнүн биринде партияны «сасыган», ал эми анын башчысы Өмүрбек Текебаевди «талоончу» деп атаганы үчүн кечирим сурашын талап кылышкан.

«Ата Мекен» менен президенттин соттук териштирүүлөрү Конституцияга түзөтүү киргизүү боюнча Атамбаев менен Текебаевдин тирешүүсүнүн шартында башталган.

Ал тирешүү Текебаев Атамбаевдин жана анын үй-бүлөсүнүн мүлкү тууралуу маалыматты жарыкка чыгара баштаганда күчөгөн. Депутат президенттин Кой-Таш айылында салынып жаткан үйү жана Кипрдеги ишкерлик кызыкчылыгы тууралуу айтып берген.

Оппозициячы мартта президентке импичмент жарыялоого камынып жаткан. Бирок ал кызмат сапарынан кайтып келатканда «Манас» аба майданында 26-февралга караган түнү кармалган.

Текебаев орусиялык ишкер Леонид Маевскийдин билдирүүсүнөн кийин коррупция жана алдамчылык боюнча айыпталган. Ишкер «Мегаком» уюк операторун башкарууга жеткилик алып бериши үчүн Текебаевге 2010-жылы 1 миллион доллар бергенин билдирген.

Текебаевдин тарапкерлери УКМКнын алдында бир нече жолу митинг өткөрүп, депутатты бошотууну талап кылышкан. Бирок нааразылыкка карабай сот Текебаевди камакка алып, азыр ал тергөө изоляторунда отурат.


ТЕМА БОЮНЧА: