Базар-Коргондо жер көчкүнүн алдында калган эки киши көз жумду

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Жаңы-Хаят айлындагы жер көчкү төрт кишини басып калды. Куткаруучулар жабыркагандардын үчөөнү тирүү алып чыгышты, төртүнчүсүнүн сөөгү чыкты. Жабыркагандардын бирөө ооруканага баратып көз жумду.

ӨКМ билдиргендей, Жалал-Абад облусунун Жаңы-Хаят айылында сегиз жумушчу өзөндүн жанындагы тоо булагынын түтүгүн оңдоп жатышкан. Болжол менен 17:00дө көчкү жүрүп, алардын төртөөнү басып калып, калган төртөө качып кутулганга жетишип, башкаларды жардамга чакырышкан.

Куткаруучулар үч кишини жер көчкүнүн астынан алып чыгып, ооруканага жиберишкен. Жолдо баратып алардын бирөө каза болгон. Басма сөз кызматы жабыркагандардын дагы бирөө оор абалда жатканын билдирди.

Бир нече саттан кийин куткаруучулар төртүнчү жумушчунун сөөгүн табышты.

Жаңы-Хаят айылындагы ал жерге жакын жайгашкан тогуз үйдүн тургундары коркунучтуу жерден чыгарылууда, анткени көчкү андан ары да жылат деген коркунуч бар.

Жаздан бери жер көчкүнүн астында дагы жети киши жан берген.

Ош облусунун Шамал-Терек айылында 16-апрелде жер көчкүнүн астында калып бир киши курман болгон.

2017-жылдын мартынын аягында Өзгөн районунун Ничке-Сай айылында жер көчкү ждылып, алты кишиден турган үй-бүлө кырылып калган.


ТЕМА БОЮНЧА: