Шаршеев «туура эмес жоругу үчүн» мелдештен четтетилиши мүмкүн

TNA эрежелери боюнча мушташтын турниринин башкы калысы кыргыз мушкери Дастан Шаршеевдин жоругу «туура эмес», андыктан аны мелдештен четтетиш керек деп эсептейт. Шаршеев өзү калыстарды улут аралык кастыкты козгоду деп күнөөлөп жатат.

TNA эрежелери боюнча мушташтын дүйнө чемпионатынын финалынын ⅛ бөлүгүнүн тандоочу баскычындагы беттештин башкы калысы Василий Аптукаев Шаршеев өз сезимдерин «көзөмөл астында» кармашы керек болчу деп эсептейт.

Кыргыз мушкери 22-апрелде жеңиш атаандашына ыйгарылганы үчүн рингден кетүүдөн баш тарткан. Башкы калыс Шаршеевди депортация менен коркутуп ынандырууга аракет кылган.

Аптукаевдин айтымында, мушкерлер мушташыш үчүн гана эмес, жүрүш-туруштун үлгүсүн көрсөтүш үчүн да келишет. «Ар бир мушкер сезимин көзөмөл астында кармашы керек. Болбосо бул турнир баш-аламандыкка айланып кетет», — деп эсептейт калыс.

Ал Шаршеевге карата санкциялар азырынча аныкталбаганын, бирок кыргызстандык мушкер менен кызматташуу токтоп калышы мүмкүн экенин айтты.

«Бул мушкер менен жөн гана биздин аянтчада баарлашууну токтотуш керек окшойт. Бирок андай чечимди жалаң эле мен кабыл албайм», — деди Аптукаев.

Шаршеев апелляция берүүгө ниеттенүүдө

Шаршеев өзү мелдештен четтетилгенин же калганын билбей турганын айтты.

«Мен рингден кетүүдөн баш тартканда башкы калыс дароо эле келип мени жана менин машыктыруучуумду дисквалификация менен коркута баштады. Бизди депортация менен да коркутушту, бирок биз анда кетүүдөн баш тартып туруп алдык. Мен опузадан коркпойм жана багынгым келген эмес, калыстык болсун дегем», — деди ал Kloop.kgге.

Шаршеевдин айтымында, жакын арада ал машыктыруучусу экөө беттешүү боюнча калыстардын чечимине апелляция бергени жатышат. «Бирок мен анын каралаарына күмөнүм бар. Бул улут аралык кастыкты козгоо маселеси, бул өтө жагымсыз», — деди Шаршеев.

Татарстан Республикасынын Орусия эр өнөрү лигасынын президентинин коомчулук менен байланыш боюнча орун басары Дмитрий Штейн кырдаалдын бир жактуу эмес экенин айтты.

«Бир жагынан сый-урмат туу тутулган эр өнөрүнүн өкүлүнүн татыксыз жоругу. Башка жагынан турнирдин калыстар коллегиясынын анча жүйө менен бекемделбеген чечими», — деди ал.

Анын айтымында, жеңиш нокауттун же нокдаундун натыйжасында эмес, калыстардын чечими менен аныкталганда мындай чечимдин бейтараптыгы маселе жаратат.

«Турнирге конокко баратып бирдей мушташта упай боюнча жеңиш сага берилээрине ишенген туура эмес. Конокко барганда нокаут же нокдаун менен, таза жеңиш керек. Ошондо бир жактуу калыстар жөнүндө маселе да өзүнөн өзү коюлбай калат», — деди Штейн «Татар-информ» маалымат агенттигине.

Жаңжалдуу беттешүү

TNA эрежелери боюнча мушташтын финалынын ⅛ бөлүгүндө төртүнчү чечүүчү айлампада Шаршеев орусиялык Антон Калинин менен 22-апрелде беттешкен.

Айлампа аяктаган соң калыстар коллегиясы орусиялык мушкердин пайдасына чечим чыгарган.

Шаршеев мындай бүтүмгө макул болбой, кийинки беттешүү өтмөкчү болгон рингден кетүүдөн баш тарткан.

Аны кийинки мушкерлерге орун бошотуп берүүгө калыстын опузасы да, күзөтчүлөр да ынандыра албай койгон. Мелдештин алып баруучусунан микрофонду сууруп алып, кыргызстандык мушкер калыстарды жана көрүүчүлөрдү адилеттикке чакырган. Ошондон кийин гана рингден түшүп кеткен.


ТЕМА БОЮНЧА: