Беттеш натыйжаларына макул болбогон кыргыз мушкерин депортация менен коркутушту

Кыргызстандык мушкер Дастан Шаршеев TNA эрежелери боюнча мушташта калыстар жеңишти анын атаандашына ыйгарып коюшканы үчүн рингден кетүүдөн баш тарткан. Ал калыстардын чечимине макул болгон эмес. Рингден чыгып кетүүгө көндүрүп жатып башкы рефери мушкер депортацияга туш болушу мүмкүн экенин айткан.

TNAнын эрежелери боюнча мушташта финалдын ⅛ бөлүгүнүн чечүүчү төртүнчү айлампасында Шаршеев орусиялык Антон Калинин менен беттешкен.

Айлампа аяктаган соң калыстар тобу орусиялык мушкердин пайдасына чечим чыгарып койгон.

Шаршеев мындай жыйынтыктарга макул болбой, рингден чыгып кетүүдөн баш тарткан. Ал жерде андан кийинки беттеш өтмөк.

Кыргыз мушкери трибунанын уу-дуусу менен бир нече мүнөт тура бергенден кийин рингди бошотууга көндүргөнү келген коопсуздук кызматынын айткандарына да макул болгон эмес.

Рефери рингден кетүүдөн баш тартуу депортацияга себеп болушу мүмкүн экенин айткан.

«Сени азыр жөн эле депортация кылып, кайра өлкөгө киргизбей коюшат. Кандай мааниси бар?» — деген ал.

Анын сөзү да Шаршеевди ынандырган эмес. Кыргыз мушкери мелдештин алып баруучусунан микрофонду тартып алып, көрүүчүлөргө кайрылган.

«Баарыңар көрдүңөр, мен жеңдим. TNA — бул адилеттүү калыстар отурушу керек болгон турнир. Бул адилеттикпи? (көрүүчүлөр "Жок!" деп жооп беришкен). Анда өзүңөрдөн сурагыла: Адилеттүүлүк кайда? Же менин теримдин түсү маанилүүбү?» — деген Шаршеев.

Бул сөздөрдү айткандан кийин ал рингден чыгып кеткен.

TNA эрежелери боюнча мушташтар — жыл бою Казан шаарындагы Муз спорт ордосунда өтүүчү мелдеш. Турнирде каратэ менен кикбоксингдин уруш техникалары колдонулат.

Ар бир беттеш үч айлампадан туруп, атаандаштар тең чыгып калса жеңүүчүнү аныкташ үчүн кошумча үч мүнөттүк айлампа өткөрүлөт.


ТЕМА БОЮНЧА: