Ысык-Көл: Көмүр шахтасынын урандысынын алдынан эки тоо жумушчусу куткарылды

Урап түшкөн Жыргалаң-Доргокөмүр шахтасынын урандыларынын алдынан эки шахтер куткарылды. Алардын абалы азыр канааттандырарлык.

Ысык-Көл облусундагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма соз кызматы шахтерлор Кайрат Доргоев менен Азамат Тойматов шахтанын астынан 10:00дө чыгарылганын кабарлады.

Шахтерлордун ден соолугу дурус, аларды жеринде күзөтчү дарыгерлер текшерип жатышат.

Издөө иштери бир суткадан ашык уланды. Куткаруу операциясына 200дөй киши, анын ичинде жергиликтүү тургундар жана жергиликтүү бийлик органдарынын кызматкерлери тартылды.

ӨКМдин басма сөз кызматы суу шахтаны 300 метрге чейин толтурганын, ал эми шахтанын узундугу 500 метрди түзөөрүн кабарлады.

Куткаруучулар шахтадан сууну алты насос менен сордуруп жатышты. Издөө иштерине жардам берген кишилер чака менен суу чыгарып жүрүштү.

Мындан тышкары, издөө иштерине Ысык-Көл облусунун суучулары кошулду.

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Жыргалаң-Доргокөмүр кенинин жер астындагы суу көтөрүлүп кеткендиктен 22-апрелде  17:30да урап түшкөн. Анын себеби коопсуздук техникасынын сакталбаганы деп болжолдонуп жатат.


ТЕМА БОЮНЧА: