Текебаевдин юристтери Маевскийди пара бергени үчүн жоопко тартууну талап кылышууда

Оппозициячы Өмүрбек Текебаевдин юристтери Башкы прокуратурага кайрылып, орусиялык ишкер Леонид Маевскийди жоопко тартууну талап кылышты. Ишкер оппозициячыга 2010-жылы 1 миллион доллар пара бергенин айткан, анын айынан Текебаевге коррупция жана алдамчылык боюнча айып коюлган.

«Ата Мекен» партиясынын өкүлү Таалайкүл Токтакунова Kloop.kgге юристтер Башкы прокуратурадан Леонид Маевскийди «Коррупция» беренеси боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартууну өтүнүшкөнүн кабарлады.

Токтакунованын айтымында, аларды Маевский Текебаевге кылмыш иши козголгондон тартып кылмыштын катышуучусу катары жоопко тартылбаганы нааразы кылууда.

«Биз Текебаев акча алганын ырастаган жокпуз. Тергөөнүн версиясы боюнча ал ошол акчаны мыйзамсыз алган болсо анда Маевский да мыйзамсыз берген», — деди ал.

Юристтердин өтүнүчүн башкы көзөмөл органы карап жатат.

Маевскийдин Текебаевдин үстүнөн жазган арызынын негизинде «Коррупция» жана «Алдамчылык» беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

Маевский «Мегаком» уюк оператороун башкарууга жеткилик алып бериши үчүн 2010-жылы Текебаевге 1 миллион доллар пара бергенин билдирген. Бирок орусиялык ишкердин айтымында Текебаев убадасын аткарбай койгон.

Оппозициячы «Манас» аба майданында 26-февралга караган түнү кармалып, УКМКнын ТИЗОсуна камалган.

Сот Текебаевди майдын аягына чейин, тергөө аяктагыча камакка алды.


ТЕМА БОЮНЧА: