УКМК: Тергөө Текебаевдин күнөөсүнүн «төгүндөлбөс далилдерин» тапты

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет оппозициячы Өмүрбек Текебаевге карата кылмыш иши боюнча анын күнөөсү тууралуу «төгүндөлгүс далилдер» топтолгонун билдирди. Депутат «Мегаком» уюк операторун башкарууга мүмкүнчүлүк алып бериш үчүн орусиялык ишкерден 2010-жылы 1 миллион доллар пара алган деп айыпталууда.

УКМКнын маалыматы боюнча, Текебаев аты аталбаган кыргызстандыктар аркылуу «Мегакомду» көзөмөлдөгүсү келгендерден акча алган.

«Текебаев кылмыш кылганы тууралуу далилдер бир катар күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү жана документалдык маалыматтар менен бекемделген, аларды мыйзам талабына ылайык тергөө бүткүчө ачыкка чыгарганга болбойт», — деп билдирет УКМК.

«Ата Мекен» партиясы 22-мартта оппозициячынын кармалышы жана камакка алынышы мыйзамсыз болгонун жарыялады. Бирок тергөө иликтөө мыйзам чегинде болуп жатканын айтууда.

Оппозициячыл партиянын адвокаттары Текебаев Москвада орусиялык ишкер Леонид Маевский менен жолугушканын төгүндөгөн документтерди көрсөтүштү. Ишкер андан оппозициячы 2010-жылдын июлунда 1 миллион доллар пара тооруганын айткан болчу.

Партия ошол учурдагы Текебаевдин барган-келгени тууралуу маалыматты жарыкка чыгарды:

  • 2-июлда Өмүрбек Текебаев Бишкекте болуп, 24.kg маалымат агенттигинин журналисти Дарья Подольская менен маектешкен;
  • 3-июлда ал өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаеванын инаугурациясына катышкан;
  • 5-июлда Текебаев расмий делегациянын курамында «Манас» аба майданынан Норвегияга Бишкек–Ташкен–Рига–Осло багыты менен жөнөгөн;
  • 11-июлда Норвегиядан Кыргызстанга учуп чыккан;
  • 12-июлда Бишкекте болгон.
Текебаевдин адвокаттары көрсөткөн анын паспортунун сканы

«Ослого барып келгенден кийин 2010-жылдын июлунда Текебаев Убактылуу өкмөттүн төрагасынын орун басарлык кызматын тапшырып берип, техникалык өкмөттүн курамына кирүүдөн баш тарткан, башканча айтканда 12-июлдан кийин ал кызмат адамы болгон эмес жана “Коррупция” беренеси боюнча жоопко тартыла албайт», — деп билдирди партия.

Текебаевдин камакка алынышы

«Ата Мекен» партиясынын башчысы кызмат сапарынан кайтып келатканда «Манас» аба майданында 26-февралга караган түнү кармалган.

Андан бир күн мурун Маевскийдин көрсөтмөсүнүн негизинде ага каршы «Коррупция» жана «Алдамчылык» беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Орусиялык ишкер Текебаевге «Мегаком» компаниясын башкарууга жеткилик алып бериши үчүн 1 миллион доллар бергенин айткан.

Кармалгандан кийин Текебаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин имаратына жеткирилип, ал жакка анын тарапкерлери жетип барышкан. Алар аны колдоп митингге чыгышкан, бирок ага карабастан, сот оппозициячыны эки айга камакка алуу жөнүндө чечим чыгарган. Анын адвокаттары чечимге каршы даттанууга аракет кылышкан, бирок шаардык сот мурунку чечимди күчүндө калтырган.


ТЕМА БОЮНЧА: