Бишкекте дээрлик бүт июнь бою ысык суу болбойт

Бишкекте оңдоо иштеринен улам ысык суу бир айга, 22-майдан 22-июнга чейин токтотулат. Токтомго мэр Албек Ибраимов кол койду.

Мэриянын басма сөз кызматы ысык сууну токтотууга «Бишкек жылуулук түйүнүндөгү» оңдоо иштери себеп болоорун билдирди. Ысык суу 2017-жылдын 22-майынан 22-июнуна чейин болбойт.

Бул тууралуу токтомго 28-апрелде мэр Албек Ибраимов кол койду.

Ысык сууну токтотуунун себеби — жылуулук түйүндөрүн жана жылуулук керектөө системаларын кийинки жылытуу сезонуна даярдоо.

Мэрия шаардыктардын жана социалдык мекемелердин кайрылуусунан улам ысык сууну токтотуу учуру айдын аягына жылганын белгиледи. Мурда ысык суу май майрамдарынан кийин токтотулуп келген.


ТЕМА БОЮНЧА: