Өзгөн: Жер көчкүнүн алдында 24 киши калды

Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Аюу айылындагы алты турак-жайды 1 млн кубометр көлөмүндөгү жер көчкү басып калды. Ал үйлөрдө жашаган 24 киши жер көчкү алдында калган. ӨКМнин күчтөрү жерди казып аларды табууга аракет кылып жатат.

Жер көчкү 29-апрель күнү эртең мененки 7де жүргөн. Ал убакта Аюу айылынын тургундары үйлөрүндө болгон. Чоң көлөмдөгү жер көчкү алты үйдү басып калып, ал турак-жайларда жалпы 24 адам болгон. Алдын ала маалыматтарга караганда, алардын баары набыт болгон.

Алты үйдө чоңдор да, кичинелер да болгон:

  • К.И. аттуу эркек киши жубайы, эки уул жана эки кызы менен;
  • К.М. аттуу эркек киши кызы менен;
  • Р.Х. аттуу эркек киши жубайы, кызы жана эки небереси менен;
  • Р.А. аттуу эркек киши жубайы, уулу жана кызы менен;
  • Р.И. аттуу кишинин уулу;
  • К.А. аттуу эркек киши жубайы, эки уулу, келини жана небереси менен.

Жер көчкүнүн алдында калгандардын туугандарынын ичинен үч киши ооруканага жаткырылган. Айылдын калган тургундарына психологиялык жардам көрсөтүлүп жатат.

ӨКМ көчкүнү тазалоо иштерин улантууда. Жеринде 266 куткаруучу өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновдун жетекчилиги астында иштеп жатат. Ошондой эле кырсык болгон жерге Куралдуу күчтөрдүн генштабынан 100 аскер кызматкери, 50 милиционер, 15 медицина кызматкери жана бир нече транспорт тартылган. Жакын ортодо жашаган 40 үй-бүлө эвакуацияланган.

Өзгөн районунун бийлиги 28-апрелде күндүзү Аюу айылына барып, тургундарды жер көчкү жүрүшү ыктымал болгон аймактан чыгып кетүүгө көндүрүүгө аракет кылышкан. Бул тууралуу «5-каналган» Өзгөн районунун акиминин орун басары Алишер Бакышев билдирген.

Аюу айылында жашаган 34 үй-бүлө 20 күн мурда көчүрүлгөн. Айрымдарын мектепке көчүрсө, кээ бирин чатырларга которгон. Алардын бир бөлүгү туугандары менен жашап турабыз дешкен. Бирок эскертүүлөргө карабастан өз үйлөрүнө кайткандар да болгон.

«Биз баарына көчкүлө деп айтып, келип текшергенбиз, алар болсо акырын кайтып барып алышыптыр. Биз аларды күч менен алып кете албайбыз да», — деген Бакышев.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кырсык болгон жерге барып, жабыр тарткандарга жана каза болгондордун туугандарына керектүү болгон жардамды мамлекет көрсөтөөрүн убадалаган.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев кырсыкка байланыштуу жарандарга кайрылуу жолдоду. 30-апрель аза күтүү күнү деп жарыяланган.

Сүрөт: ӨКМ


ТЕМА БОЮНЧА: