Орусия: Борбор Азияда туулган беш киши ИГИЛди каржылаганы үчүн Тверде кармалды

Орусиянын ФККсы «Ислам мамлекети» террордук уюмунун жоочуларын каржылоо боюнча шек санап Борбор Азияда туулган беш кишини кармады.

Федералдык коопсуздук кызматынын Тверь облусу боюнча башкармалыгы шектүүлөрдүн үйүндө каржы операцияларын ырастаган банк карталары жана чектер табылганын билдирди.

Тергөөнүн версиясы боюнча топтун жетекчиси эл аралык «Ислам мамлекети» террордук уюмунун жоочуларына акча чогултуп, жөнөтүп турган.

Топтун жетекчисине каршы «Террорчулукка колдоо көрсөтүү» беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Орусияда Борбор Азиядан баргандарды кармоо Санкт-Петербургдун метросунда 3-апрелде болгон террордук чабуулдан кийин башталган.

Атайын кызматтар террордук чабуулду Кыргызстанда туулган Орусиянын жараны Акбаржон Жалилов ишке ашырган деп эсептешет.

Террордук чабуулду уюштурган жана каржылаган кишилер катары укук сакчылары Кыргызстанда туулган Аброр жана Акрам Азимовдорду да күнөөлөп жатышат.

Метродогу жарылуудан 16 киши курман болуп, 50дөн ашуун адам жабыркаган.


ТЕМА БОЮНЧА: